Кыргызстан Рио-2016да: Тыныбекова коло үчүн мелдеште жеңилип калды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмак категориясында эркин күрөш боюнча беттешүүдө жеңилди.

Тыныбекова индиялык Сакши Малик менен болгон күрөштүн алгачкы 3-мүнөтүндө 5:0 эсеби менен үстөмдүк кылган.

Кыргызстандык экинчи беттешүүнүн жарымына чейин өзүнүн артыкчылыгын сактап келди. Бирок андан кийин Индия спортчусу өзүнө 4 упай топтоп, мелдештин акыркы секундаларында эсепти теңдештире алган. Акыркы ирмемдерде Малик дагы 3 упай алуу менен Тыныбекованы жеңди.

Жарым финалда Тыныбекованын атаандашы Европанын чемпиону орусиялык Валерия Коблова болгон.

Анда алгачкы 3 мүнөттө 0:2 эсеби менен утулуп бараткан Айсулуу беттешүүнүн экинчи бөлүгүндө болгону бир упай алганга жетишип, жыйынтыгында 4:1 эсеби менен атаандашына жол бошоткон.

Чейрек финалда Тыныбекова финляндиялык Петра Олли менен күч сынашты. Анда алгачкы мүнөттөрдөн баштан кыргызстандык күрөшчү 4:0 эсебинде үстөмдүк кылып, оюндун аягына чейин ал абалын сактап, жыйынтыгында 14:7 эсебинде жеңишке ээ болгон.

Бул жеңиш менен Айсулуу жарым финалга жолдомо алган.

14045445_629985383842982_239107377_o

Финалдын сегизинчи бөлүгүндө кыргызстандык күрөшчүнүн атаандашы Панамерикалык оюндардын чемпиону, бразилиялык Джойс Сильва болгон.

Оюндун башынан эле кыргызстандык өзүнүн артыкчылыгын көрсөткөн. Күрөштүн жүрүшүндө Сильва эсепти теңдештиргенге аракет жасаган, бирок Тыныбекова үстөмдүгүн жоготпой, 11:8 эсебинде жеңишке жеткен.