Риодогу 11-күн: Өз ара жардамдашуу салтанаты жана 54 жаштагы чемпиондун таасирдүү окуясы

Риодогу эң белгилүү сүрөт, кезектеги камак жана 54 жашында алтын байгеге татыган аргентиналыктын таасирдүү окуясы. Kloop.kg Риодогу 11-күн боюнча кызыктарды чогултту.

Медалдык эсеп боюнча абал өзгөрүүсүз. АКШ биричиликте, Улуу Британия экинчи катарда, Кытай 3-орунда.

20160817_235103

Полиция ЭОКтун аткаруучу комитетинин өкүлүн камакка алды. Рио полициясы Эл аралык Олимпида комитетинин мүчөсү, Европа Олимпиада комитетинин башчысы Патрик Хиккини камакка алды. Ал Олимпиада оюндарынын билеттерин мыйзамсыз саткан деп шектелүүдө.

president_230115_9

Камакка алууда Хикки баласынын бөлмөсүнө жашынып, качып кетүү аракетин көргөн. Бирок абалы начар болгондуктан полицияга өз ыктыяры менен барган. Оюндун ачылышына арналган билеттер боюнча алдамчылык иштердин зыяны 3 миллион долларга бааланууда.

ЭОКтун башчысы Лавеллениге байге тапшыруу аземиндеги күйөрмандардын жоругун сындады. Шырык менен секирүү мелдешинде алтын байгенин ээси бразилиялык Тиаго да Силва болгон. Ошондуктан байге тапшыруу аземинде күмүш байгенин ээси, Лондон Олимпиадасынын чемпиону, француз Рено Лавелленини күйөмандары ишкырык-дуу менен коштошкон.

4315204

«Мени байге тапшыруу аземинде Рено-Лавилленини ышкырык-дуу менен коштогон үйүлгөн топтун жүрүм-туруму шок кылды. Мындай көрүнүш Олимпиада оюндарында болбош керек», — деди Бах.

Германиялык эгиздер бүтүндөй өлкөнүн кыжырына тийди. Бактылуу Анна менен Лиза Ханерлер жеңиш марасына кол кармашып келишти. Алар 81-82-орундарды камсыздашты.

Германиянын жеңил атлетика федерациясынын өкүлү Лиза менен Аннанын жарышын «олимпиадалык жарышта эмес, кандайдыр бир көңүлдүү чуркоонун аягына чыккандай болушту» деп билдирүү жасады. Анын ою боюнча эгиз кыздардын негизги максаты медаль эмес эле, жалпыга маалымдоо каражаттарынын аларга көңүл буруусу болгон.

Bez-nazvaniya-6

Бир туугандар немис басма сөзү тараптан дагы катуу сынга алынды:
«Ханерлер өздөрүнүн жеке рекорддорунан да өтө эле алыс. Олимпиада оюндары тууралуу сөз болуп жатат. Байгеге жетүүдөн артык эмне маанилүү болушу керек? Ошол жерге чейин барып, анан жөн гана спорттон ырахат алуугабы? Бул болбогон нерсе! Олимпиада — бул мыкты спортчулардын жолушуусу. Ошондуктан алар мыкты даярдыкта болушу керек. Эгерде Ханерлер жаркылдап, кол кармашып алып жеңиш марасынан өтүүнү каалашса, анда Санкт-Пельтенге бараткан жолдогу айылдарда чуркашсын», – деп жазат Die Welt басылмасы.

Адамгерчилик байгеден артык болгондо. Америкалык Эбби Д’Агостино 5000 метр аралыктагы жарым финалдык жарышта жаңы зеландиялык Никки Хамбга жардам берген.

 

Cпортчулар кагылышып кеткен, анын айынан Хамблин күрөшүн уланталган эмес. Анда, Д’Агостино атаандашына жарыштын аягына чыгуусуна жардам берген. Буга байланыштуу уюштуруучулар жарышчыларды финалдын катышуучуларына кошуу чечимин кабыл алган.

Риодогу эң белгилүү сүрөттү тарткан адам. Getty Images агенттигинин сүрөтчүсү, австралиялык Кэмерон Спенсер Рио-де-Жанейродогу Олимпиаданын белгилүү адамдарынын бирине айланды. Анын 100 метр аралыктагы жарыштын жарым финалында чуркап бараткан Усэйн Болттун жылмайып түшкөн сүрөтү дүйнөгө тарап, көптөгөн интернет-мемдер үчүн негиз болуп берди. ABC басылмасы сүрөтчүдөн мындай сүрөттү кантип тарткандыгын сурады.

13907057_1027912013992390_8345186007405720296_n-2

«Чындыгында мен бийиктен секирүү мелдешин тартып жаткам. Анан эле Усэйн Болттун чуркашы жарыяланды. Бактым бар экен, стадиондун ортосуна чуркап барганга жетиштим. 70 метр аралыктан орун алдым. Мен тезинен камерамды ырастадым, ошол убакта старт берилди. Анын чуркап баратып мага кайрылып жылмаярын эч ким күткөн эмес… Болттун бул сүрөттү көргөнүн жана ага жакканы мага маалым. Эми мен спортчу менен жеке жолугушуп, ушул сүрөткө кол тамгасын койдургум келип жүрөт», — деген жообун берди сүрөтчү.

Күндүн окуясы:
CNN Сесилия Карранза-Сароли менен биргеликте, «Накра 17» классындагы кеме спорту боюнча олимпиада чемпону, аргентиналык Сантьяго Лангенин окуясын жарыялаган.

20160818_000817

«54 жаштагы Ланге — таң каларлык адам. Өткөн жылы ага рак диагнозун коюшкан, ал өпкөсүнүн жарымын алдырган, ага карабастан аны олимпиадалык алтын байгеге болгон күрөштө эч нерсе токтото албайт экенин далилдеди. Жеңүүчүнүн эки баласы Олимпиадада "49" класс боюнча мелдештин катышуучулары, алар атасын биринчилерден болуп куттукташты. Ланге Афина жана Пекин Олимпиадасында "Торнадо" классы боюнча коло байгенин ээси, эми ал өзүнүн максатына жетип отурат», — деп жазган CNN.

Күндүн фэйли: Эгер Усэйн Болт болбосоң, старт алдында корооздонбо