Стивен Сигал Көчмөндөр оюндарынын ачылышына келет  

Актёр, күрөш чебери Стивен Сигалдын Кыргызстанга Көчмөндөр оюндарынын ачылышына келүүгө макул болгону тууралуу билдиришти иш чаранын уюштуруучулары.

90-жылдардагы кинолору менен белгилүү актёр Стивен Сигал Кыргызстанга Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине катышуу үчүн сентябрдын башында келет.

Оюндун уюштуруучуларынын катчылыгынан билдигендей, Сигал Алмазбек Атамбаевдин чакыруусун кабыл алган.

Басма сөз кызматынын жетекчиси Нурия Ташболотова Kloop.kgге курган маегинде чакыруу каттары Көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алган өлкөлөрдүн бардык белгилүү адамдарына жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Биз Оюнга катышууга жолдомо алган өлкөлөрдүн белгилүү адамдарына чакыруу жөнөттүк. Мындан ары Көчмөндөр оюнунун ачылышына келүүгө макулдугун бергендер тууралуу маалымат берип турабыз. Бүгүн Стивен Сигал чакырууну алганын жана Кыргызстанга келерин тастыктады», — деди ал.

Кыргызстандын Айкидо федерациясынын вице-президенти Бекназар Асанов Сигал менен машыгуу өткөрүүнү пландап жатканын, андан кийин актёр Ысык-Көлгө кетерин Kloop.kgге айтты.

«Бүгүн бизге Сигалдын келиши тууралуу билдиришти. Анын келээр убактысы белгисиз. Ага карабастан Стивен Сигалдын биз менен машыгуу өткөрөөрү жана андан кийин Көчмөндөр оюндарына бараары пландалууда», — деп айтты ал.

Сигал — 64 жаштагы америкалык актёр, Айкидо боюнча күрөш чебери. Ал 80-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында тартылган «Мыйзам үстүндө», «Курчоодо», «Өлтүрүүгө оор» деген тасмаларынан кийин белгилүү болгон.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул Кыргызстандын экинчи масштабдуу иш чарасы.

Оюнга 35тен ашык өлкөнүн спортчулары катышат: Алар Азербайжан, Аргентина, Армения, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индонезия, Казакстан, Кытай, Колумбия, Монголия, Пакистан, Перу, Орусия, Словакия, АКШ, Түркмөнстан, Эквадор жана башкалары.