«Өнүгүү-Прогресс» зордукчуларды өлүм жазасына тартуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгат

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы коомдук талкууга коюлган жашы жетелек балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгаарын убада кылды.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын зордукчуларды өлүм жазасына тартуу мыйзам долбоору парламенттин сайтына 16-августта жарыяланган. Анда мындай мыйзам долбоордун «жашы жете балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасаган кылмыш үчүн жоопко тартууну күчөтүү максатында» даярдалгандыгы айтылат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири — депутат Исхак Масалиев  сунушталган мыйзамдын «кайра иштелип чыгарын» Kloop.kgге айткан. Бул сунуштун эл аралык келишимдерге каршы келерин ал моюнга алды.

«Ооба, эл аралык келишимдерге туура келбеген көп жерлери бар. Ал гана эмес учурдагы Баш мыйзамда да андай кемчиликтер бар. Ошондуктан, Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси каралышы керек», — деди ал.

Мыйзам долбоорунун идеясына токтолуу менен Масалиев балдар зомбулугу боюнча «бир нерсе кылышыбыз керек» деди.  

«Жеткинчек балдарды зордуктоо адатка айланып бараткандай. Бул нонсенс да. Ошондуктан аларды налог төлөгөндөрдүн эсебинен бакпай, коомчулук аларга (зордукчуларга) тийиштүү мамиле кылышы керек», — деди ал.

Эгер мыйзам долбоору эл тандоосуна коюлса, жарандардын көбү колдойт деп эсептейт депутат. Ошол эле учурда анын кабыл алынышы үчүн эл аралык уюмдар тарабынан айып пул талап кылынышы мүмкүн.

«Албетте биз аны (мыйзам долбоорун) кайра иштеп чыгабыз. Эгер бир кайсы бир эл аралык келишимдерден баш тартсак, бизге акча төлөнбөйт, же андан башкасы. Ошондуктан ушундай көрүнүштөрдү сөзсүз эске алышыбыз зарыл», — деди ал.

«Нормаларды бузат»

«Прецедент» компаниясынын юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgге курган маегинде каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынбайт, анткени, ал көптөгөн эл аралык келишимдердин нормасын бузууда деп билдирди.

«Кыргыз Республикасы 2010-жылы 16-марта өлүм жазасын жокко чыгарган жарандык, саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактка кол койгон […]», — деп жазган ал.

Мыйзам долбоорунда кылмышкер өлүм жазасына кантип тартылары, аны кайсы орган көзмөлгө алары түшүнүктүү эмес дейт Кенжебекова. Анын айтымында, өлүм жазасын киргизүү Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөнгү пактка карама-каршы келет.

«Жашоого болгон укук ар бир адамдын айныксыз укугу. Бул укук мыйзам сакчылыгында. Эч ким ээн баштык менен өмүрүнөн ажыраталбайт», — деп пакттын 6-беренесин мисал келтирди ал.

Өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору укук коргоочулар тараптан кайчы пикир жаратты — «Бир Дүйнө Кыргызстан» кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова көтөрүлгөн идеяны «антиконституциялык жана маскарлоо» деп эсептейт.

«“Өнүгүү-Прогресс” бийликке электоралдык коррупция аркылуу келип, эми антиконституциялык жана маскарлоочулук уюштуруп жатышат. Анын ордуна кедейчиликти жоюу, билим алуунун жеткиликтүү жолдору, энелердин өлүмүн азайтуу боюнча мыйзамдарды иштеп чыгышса», — деди ал.

Исмаилова мыйзам долбооруна каршы экенин белгиледи. Анын айтымында,  «балдардын коопсуздугу менен ойнобош керек».

Укук коргоочу Рита Карасартова сот системасынын, иликтөө органдарынын жана экспертизанын азыркы абалында «өлүм жазасын киргизүүгө болбойт» деп эсептейт.

Анын айтуусу боюнча, зордукчуларга карата өлүм жазасын жашы жете элек балдарга карата кылмыш жасаган деген күнөө менен саясий оппоненттерге каршы колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

«Бүгүн бул мыйзамды сунуштагандар эртең саясий куугунтукка кабылып калышы мүмкүн. Аларга каршы бир-эки жасалма абалды уюштуруп, зордукчу атап, андан кутулат», — деди Карасартова.