Бишкек бийлиги кээ бир борбордук көчөлөрдү бойлото «чуутосмо» үчүн жаңы дубалдарды коюшту. Бирок коомдук тармактын колдонуучуларынын пикири боюнча, тосмолор КМШ өлкөлөрүнүн саммитинин алдында шаардын жагымсыз жерлерин жашыруу аракетинде орнотулууда.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 15-августта КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусуна жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн майрамдоого карата «чуутосмо» дубалдарды орнотууну буйруду.

Дубалдар «Манас» аба майданынын жолун бойлой орнотулууда, андан сырткары Жибек-Жолу көчөсүн бойлой Фучик көчөсүнөн тартып батыш автовокзалга чейин орнотулмакчы.

Мэриянын билдирүүсү боюнча, бул тосмолор «жанаша көчөлөрдөгү жашоочуларга ыңгайлуу жашаганга, тосмолордун жүрүүгө жарактуу бөлүгүн жаңыртуу жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн» орнотулулууда.

Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Бурул Жумаканова жолдорго узунунан дубалдарды орнотуу августтун аягына чейин бүтөрүн Kloop.kgге курган маегинде айтты.

«Подрядчиктердин бири тендерди утуп алып, дубалдарды элдер жолдон чуркап өтпөөсү үчүн орнотууда. Ушундай жол менен тротуардагы адамдарды коопсуздандырабыз. Мындан сырткары, ушундай дубалдар Чүйдөн өйдө жана Жибек-Жолунан ары Фучика көчөсүнө орнотулат», — деди ал.

«Спутник» маалымат агенттигинин маалыматында, дубалдар 20 миллион сомго бүтөт. Тосмолорду орнотуу менен тендердин жыйынтыгын боюнча үч компания — ОсОО  «Антенор», АО «Жумгал Суу Курулуш» жана АО «АлЭрУн Групп» алектенет.

«Потемкин айылыбы»?

Бирок «Фэйсбуктун» колдонуучулары «чуутосмолордун» элдердин коопсуздугу үчүн коюлгандыгынан шек санашууда. Алардин пикиринде тосмолор КМШ өлкөлөрүнүн саммитине келе турган делегациядан шаардын жагымсыз көрүнүшүн жашыруу үчүн орнотулууда.

«Бул дубалдар аба майданынан чыкканда шаардын таза көрүнүп турушу үчүн эски үйлөрдүн ураган дубалдарын жаап турат», — деп эсептейт колдонуучу Азамат Бозоев.

«Бул “үн изоляциясы” өлкө башчыларынын кортеждеринен уялтырган жер тамдарды жашырып турат… Жөн эле көрсөтмөлүүлүкпү? Жок, эмне деп жатасыңар! Биз жолдордон чууларды тосуп, тургундардын камын ойлоп жатабыз…» — деп келекелейт колдонуучу Владимир Мозгунов.