Сүрөт: Жайлоодогу боз үй бала бакчалары жана чабандардын балдары

Алыскы айылдарда жана жайлоолордо балдардын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк аз. Боз үй балдар бакчасы бөбөктөрдү күнүнкү милдеттерден бир нече саатка арылта алат.

Баяндама макаланын автору Айдана Канатбектин атынан жүрөт.

Балдардын жайлоодогу турмушу

Жайлоодогу балдар аларга коноктор келгенде абдан сүйүнүшөт, аларга ата-энеси кичинесинен меймандарды сүйгөндү жана урматтаганды үйрөтүшөт. Көптөгөн балдар абдан ачык жана жайдары мүнөз. Тааныш эмес адамдарды көргөндө алар менен ойноп, сүйлөшүүгө даяр. Качан учурашсаң алар сууктан кызарган колдорун сунушат.

IMG_0456

Алардын кызарган беттери жалындап, көздөрү учкундардай жаркырап, кийимдери болсо өзгөчө көрк берип турат. Жайлоого жакынкы арадагы айылдарда ысык суу жок болгондуктан, дайыма жакшылап жуунганга же кийимдерди жууганга мүмкүнчүлүк болбойт, ошондуктан балдар дайыма бир аз кир.

IMG_0519_sadik

Алар тоолордо жашашат, таза аба менен дем алышат, табигый тамактар менен азыктанышат — кымыз ичишет, этти ырахаттануу менен жешет.

IMG_0417

Жайлоодогу балдар кичинесинен ата-энесине үйдөгү жумуштарды жасап, жардам бергенге үйрөнүшкөн. Ойногонго убакыт аз, ар бир эки саат сайын бээ сааш керек, бөбөктөрүнө көз салыш керек, апасына тамак жасаганга жардам бериш керек, кир жууп, идиш жууганга булактан суу алып келиш керек, малды караш керек. Мисалы, беш жашар Нуржан жана анын үч жашар иниси Умар күнүгө үйүнө суу алганы булакка барышат.

IMG_0703

Көбүнчө чабандар боз үйлөрүн башка үй-бүлөлөргө алыс эмес жерге тигишет. Жайлоодо боз үйлөрдүн чакан айылы пайда болууда. Үйдөгү бардык жумуштарды бүткөндөн кийин балдар кечинде ойногонго чогулушат. Балдардын бири боз үйдөн боз үйгө барып досторун ойногонго чакырат. Негизинен балдар бир боз үйдүн айланасында ойношот, алыс кетишпейт.

IF

Айылдагы балдар шаардагы балдарга салыштырмалуу чүкө, «Ак-терек – Көк терек», кубалашмай, мышык-чычкан ойношот.

IF

Жайлоодогу балдар техникадан таптакыр алыс. Алар үчүн компьютер же фотоаппарат — бул көнүмүш буюм эмес. Качан мен фотоаппаратты алып чыгып сүрөткө тарта баштаганымда, бардык балдар кызыгуу менен аны карап жатышты. Андан соң алар менден сүрөткө тартуу үчүн фотоаппаратты сурашып, анын айынан урушуп кете жаздашты.

IMG_0257

Чабандардын үй-бүлөсү балдардын билим алып, дүйнө таануусуна абдан аз көңүл бөлүшөт, себеби таң аткандан кеч киргенге чейин үй жумуштарынан колдору бошобойт: мал карап, кыргыз улуттук тамактарын даярдашат — кымыз, сары май, каймак, курут.

IMG_0435

Бирок шаардагы ата-энелер деле жумуштарынан бошобой, балдары менен аз убакыт өткөрүшкөнү менен, жок дегенде балдарын ар кандай курстарга окута алышат.

IF

Жайлоодо жана алыскы айылдарда мындай мүмкүнчүлүктөр жок — курстар жок, өнүктүрүү борборлору жок, ар кандай кызыктуу ийримдер жок, бала бакчалары жетишсиз. Көптөгөн балдардын мектепке гана барууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Жайлоодогу боз үй бала бакчалары

Жайлоодогу боз үй бала бакчалары июлда иштей башташат. Бала бакчасы — бул шарттуу түрдөгү гана аты. Мен көбүнчө бул жай ар кайсы курактагы балдардын чыгармачылык өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн жай дегенге кошулам. Бул жайга эки жаштан 15 жашка чейинки балдарды алышат. Бала бакчасы эки маал иштейт: 11:00дөн баштап 13:00гө чейин жана 14:00дөн 16:00гө чейин. Жалпысынан Кыргызстандын бардык облустарындагы боз үй бал бала бакчаларынын саны 120га жакын.

IMG_0977_sadik-glavnaya

Ата-энеси бере албаган билимди тарбиячылар берет. Балдар китеп окушат, майда-чүйдө нерселерди жасашат, сүрөт тартышат. Аларды жергиликтүү тарбиячылар жана келгин ыктыярчылар окутушат.

IF

Алайдагы Балыкты жайлоосундагы бала бачасынын директору Бүбүайша Осбаеванын айтымында, балдардын бала бакчага келиши алардын алган билимин унутпоого жардам берет.

«Бала бакчанын ачылышы балдардын келечегине жакшы таасир берет. Ата-энелер абдан кубанычта. Көпчүлүгү 1-2-класстын балдары, мектептен алган билимдерин унутуп калышат, ал эми боз үй бала бакчасы каникул убагында бардыгын эстегенге жардам берет. Жакын ортодо тогуз боз үй бар, алардан 26 бала келет», — дейт ал.

IMG_0962

Сегиз жашар Кутман күнүгө Балыкты жайлоосундагы бала бакчага барат. Келечекте ал бухгалтер болуп, бала бакчасына жардам бергиси келет.

«Мен күнүгө келем, бала бакча мага жагат. Биз бул жерден ар кандай оюндарды ойнойбуз, жазабыз, окуйбуз, ырдайбыз, бизге жомок окуп беришет. Бала бакча жок кезде биз үйдө ойночубуз, бала бакча жакшыраак. Бала бакчадан достор менен мышык-чычкан, жылан чакты ойнойбуз. Бир айда мен кагаздардан гүл жасоону үйрөндүм. Мен келечекте айылымды жана бала бакчаны өнүктүрүү үчүн бухгалтер болгум келет», — дейт ал.

IMG_9733 Ош облусунун Бооке жайлоосундагы балдар бакчасынын директору Айнагүл Нуралиева балдар бакчасынын жардамы менен балдар жакшы жакка өзгөрүп жаткандыгын айтат.

«Бул жерде бизде 32 бала бар. Эч качан балдар бакчасына барбагандар бул жерден аябай өзгөрүшөт. Бизде бир кыз бар болчу, эч качан уктачу эмес. Биз аны уктатканга аракет кылдык, бирок эч болбоду. Бир күнү ал башка балдарды уктатам деп жатып, өзү биринчи уктап калыптыр. Ошондон кийин ал өз үйүндө жакшы уктап калды», — дейт ал.

IMG_0769_sadik

Боз үй балдар бакчасында кыргыз тилине которулган көп китептер бар. Мисалы, Махатмы Гандинин өмүр баяны. Балдар аларга китеп окуп берип жатканда кызыгуу менен угушат, дирилдеген колдору менен дептерге ар бир тамганы жазышат, кызыгып сүрөт тартышат жана кагаздан ар кандай нерселерди жасаганды жакшы көрүшөт.

Кээ бир балдардын айылдагы балдар бакчасына барганга мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан алар үчүн жайлоодогу балдар бакчасы — бул жаңы, кызыктуу нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк.

IMG_0409_sadik

Балдар бакчасында балдар менен гана эмес, балдарына көбүрөөк көңүл бөлүп, аларга ар кандай китептерди окуп бериши үчүн ата-энелери менен дагы иш алып барышат.

IMG_0910

Кээ бир балдар бала бакчадан кеткилери келбейт, себеби үйүндө ошол эле көндүм адаттар, ошол эле үй жумуштары: малды карап идиш жууш керек. Ал эми балдар бакчасында көптөгөн кызыктар бар жана бул кубаныч эки саатка созулат. Андан соң ата-энелери балдарын үйүнө алып кеткенге убак келет.

Сүрөт: Айдана Канатбек, Айгерим Мамаджанова