Рио-2016: Арбитраждык сот кыргыз спортчусу Артыковдун допинг боюнча даттануусун четке какты

Спорттук арбитраждык сот улуттук олимпиада комитетинин кыргыз штангачысы Иззат Артыковдун коло медалдан ажыратылганы боюнча даттануусун кабыл алган жок.  

Оор атлетика Федерациясы Кloop.kgге апелляциялык даттануунун кабыл алынбаганын тастыктады.

«Биз Артыковдун тыюу салынган эч нерсе кабыл албагандыгын билебиз. Бирок эми айырмасы канча? Эми эч нерсени далилдей албайбыз», - дешет федерациянын өкүлдөрү.

Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери Айгерим Мамеева Артыковдун таламын талашып, анан күнөөсү жоктугун далилдеген жаңы апелляция даярдап жатышкандарын билдирди.

«Биздин директорубуз Канат Аманкулов Иззаттын эч кандай стрихнин колдонбогондугун далилдейбиз деп жатат. Арбитраждык сотко берилген арызда апелляцияга Олимпиадалык оюндар аяктагандан кийин гана берилери айтылган. Кечээ оюндар аяктады, эми биздин кызматкерлерибиз апелляциялык арызды даярдап, бардык тиешелүү процедураларды жасашат», - дейт ал.

Спортчунун машыктыруучусу Үсөнкан Майназаровдун Kloop.kgге берген маалыматына караганда, соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча иш-аракеттерден толук кабары жок.

«Аякта эмне болуп жатканы тууралуу жетекчилерибиз билет. Бардык кагаздар аларда, келишет, айтып беришет. Мен арбитраждык сот менен байланышканым жок, ошол себептүү эч нерсе айта албайм. Мен өз милдетимди аткардым, Кыргызстандын желегин көтөрдүм», - дейт машыктыруучу.

Иззат Артыков өзү болсо андан допинг чыкканынан дагы деле ишене албай турат. Анын айтымында, кимдир бирөө тыюу салынган затты анын азыктарына кошуп коюшу мүмкүн.

«Мага бул бирөөнүн катаал тамашасындай сезилет. Мен дагы, туугандарым дагы азыр жаман абалдабыз. Мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин, аны кимдир бирөө тамагыма байкатпай кошуп койгон. Ал эми француз жөнүндө мындай кылыкка ал көрө албастыктан улам барган деп ойлойм. Элиме болсо "допинг колдонгон эмесмин" дегенден бөлөк эч нерсе айта албайм», - дейт Артыков.

69 килограммдык салмак категориясында олимпиадада ат салышкан кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду «допинг колдонгон» деген күнөө тагып, 18-августта коло медалынан ажыратышкан. Спорттук арбитраждык соттун чечими менен эми коло медаль жана 3-орун мелдеште 4-орунга ээ болгон колумбиялык штангачы Луис Москереге өтүшү керек.

Соавтор: Александра Титова
Сүрөт: European pressphoto agency