Алмаз Абеков: «Мураскер» операциясы баары бир жүргүзүлөт

«Пикир» рубрикасына жарыяланган материалдар авторлордун жеке пикирин чагылдырат. Жазуунун түп нускасы Алмаз Абековдун жеке сайтына жарыяланган.

2015-11-10_09-33-07_785459-200x130
Колонканын автору: «Мегакомдун» башкы директорунун мурдагы кеңешчиси Алмаз Абеков.

Буга чейин Президент "Мураскер" операциясы болбойт деп кайталап эле келген. Бирок:

Биринчиден, биз ага адам жана саясатчы катары ишеним арта алабызбы деген суроо туулат.

Анткени, ал сөзүнө тура албастыгын далай эле жолу көрсөттү. Мындан тышкары анын «эл жана башка өлкөлөрдүн президенттери ордуңда кал деп атышат», «менин көрбөгөнүм жок, керек болсо отуруп чыккам», «кудай мага көп акча берди» деген сыяктуу сөздөрүнө көңүл бурууга арзыйт. Ушундан улам Атамбаев өзүн пайгамбар санай баштады жана керек маалда «элдин каалоосун» аткарып коюшу (КСДПны парламентте бекитип, өзү түбөлүк премьер-министр болуп) толук мүмкүн деп болжолдоого болот.

Экинчиден, «Мураскер» операциясын ал өзү эмес, анын командасы (партиясы) жүргүзүшү мүмкүн. Ошондо бардыгы ойдогудай болот (операцияны ал жасап жаткан жок да, а башкалар үчүн ал жооп бере албайт).

Жогорку Кеңештин спикери, КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеңештин спикери, КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков

Үчүнчүдөн, «Мураскер» операциясы Атамбаев үчүн болбосо да, анын тегерегиндегилер үчүн зарыл. Эгер Атамбаев үчүн президенттиктен кеткенден кийинки келечеги жаркын сезилсе, ага жан үрөп кызмат кылгандыгынын аркасынан гана карьера жасаган анын айланасындагылар үчүн андай эмес. Алардын тынчсызданууга чоң себептери бар, анткени элге убада кылынган гүлдөгөн экономика курулган жок, бирок көп суроолор калды.

«Кийинки президент» аларды куугунтукташы, жок эле дегенде аларга жагымсыз суроолорду бере башташы мүмкүн. Эмне үчүн кугунтукташы мүмкүн? Анткени, экономикада ылдам эле ийгиликтер жарала калбайт, а бирок элге нан бере албасаң, жок дегенде себебин түшүндүрүш керек. Ошондуктан, Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү — өлкөнүн турмушундагы көйгөйлөрдүн себепчиси деп таап, куугунтукка алууга толук жарай турган адамдар. Бир жагынан, алар Атамбаев кеткенден кийинки жыргал жашоосунун бүтүшүн элестете алышпайт. Бийликтин даамын таткан соң, андан баш тартыш өтө кыйын.

Төртүнчүдөн, «Кийинки президент» алты жылдык мандатынан пайдаланып, өз партиясын күчтөндүрө баштайт, албетте анда КСДП алсызданат. Бул план жаңы компроматтар, кылмыш иштерин козгоо жана менчикти бөлүштүрүү түрүндө ишке ашат. Бизде идеялык негиздеги партия жок. Бардык партиялар — башчынын айланасына топтолгон саясий кландардын союздары. Башчысы күчтүү болсо партия да күчтүү, алсыз болсо партия да алсыз.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов

КСДП Атамбаевсиз биз көрүп жаткан КСДП боло албайт. Ошондуктан Партиянын жетекчилеринин эки жолу бар: өз ара келишүү же багытын өзгөртүү. Алар бүгүн бийликте жана административдик ресурска ээ, кубаттуу жана эң башкысы — сүйлөшүүлөргө баруу үчүн өздөрүнүн менменсинүүсүн жеңе алышпайт. Жаңы президент алар үчүн потенциалдуу коркунуч.

Ошондуктан жан-жөкөрлөр Атамбаевди туш-тараптан мактап, көндүрө башташы мүмкүн. Анда ага кыргыз эли ансыз жыргабачудай сезилип, элди сактап калуу үчүн мындан ары да башкарууну чечиши мүмкүн. Эгер бул дагы жыйынтыгын бербесе, жан-жөкөрлөр лидердин макулдугусуз эле «Мураскер» операциясын башташы мүмкүн.

Далил: анын журналисттерге «жакшы нерселерди жазгыла» деп көп кайрылганы. Анткени ал каякка барса да, ким менен жолукса да жакшы нерсени гана көрөт: мектептер ачылып жатат, жолдор курулуп, эл бактысына чыдабай ырдап-чоордоп жатышат. Бул чөйрө Президенттин тегерегине маалыматты элеген парда сымал. Атамбаевге өлкөдө бардыгы сонун болуп жаткандай сезим калат. Ал эми айтылып жаткан негативдер каршылаштарынын душмандыгындай сезилиши мүмкүн. Ал жан-жөкөрлөрү каалаган нерсени гана көрүп жатканын сезет болду бекен? Атамбаев объективдүү эмес экендигин түшүнүш керек. Бул факт.

Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов
Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов

Биринчи жыйынтык: КСДПнын жана Атамбаевдин айланасындагылар үчүн кийинки президент Атамбаев болушу зарыл. Ошондуктан, алдын алуу ашыкча болбойт. Буга байланыштуу, «Мураскер» операциясы Атамбаев эмне гана дебесин, баары бир жүргүзүлөт.

Жогоруда айтылгандардан улам, КСДПнын штабында «Мураскер» планы түзүлгөн деп жыйынтыктоого болот.

Анда эки бөлүм бар:

  • Мураскер ким жана аны кантип алдыга сүрөө керек;
  • Атаандаштар кимдер жана аларды кантип четке чыгарууга болот?

Биринчи суроого азырынча жооп жок, акыркы чечим чыга электей. Экинчи суроо боюнча үч топтон турган тизме бар:

1. «Түбөлүк кандидаттар». Ар дайым шайлоого катышып, кыйратып добуш ала албай, демократиялык фон түзүп, анча деле коркунучтуу атаандаш боло албагандар. Алардын алсыз жактары маалым, керек маалда өз ара келишип алууга болот (маселен, бул бир өлкөгө элчи же адам укугу үчүн күрөшүүчү). Резюме: мейли шайлоого катыша берсин.

2. «Күтүүсүз кылык-жорук жасачулар». Булар өз кишилер эмес. Алардын шайлоодо кандай кадам жасаары белгисиз, ошол себептүү коркунучтуу. Алар элдин бийликке нааразылыгын пайдаланышы мүмкүн, шайлоочулардын канча добушун жулуп кетишери белгисиз. Дагы бир көйгөй: шайлоо бүткөндөн кийин алар кандай кадамга барышат жана алар менен келишүүгө болобу — белгисиз. Резюме: шайлоого чейин четке чыгаруу.

3. «Өз кишилер». Бийликтин курамында жүрүшкөн тиги же бул саясий кланды жетектешип, шайлоодо жеңип чыгышы толук мүмкүн атаандаштар. Алар менен өз ара макулдашууга болот. Резюме: Макулдашуу же четке чыгаруу. Бирок, бардыгы эле түшүнүп тургандай, алардын макулдашуусу шарттуу болуп калуусу мүмкүн, алдап кетүү адаттагы көрүнүш. Мисалы: Бакиев менен Куловдун тандеми.

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов

Экинчи жыйынтык: шайлоо алдындагы күрөш күчүнө кире баштады, эми биз далай салгылашка күбө болобуз. Административдик ресурс эркин ой жүгүртүүгө, саясий олигархтар жаңычыл жаштарга каршы күрөшөт. Күрөш катуу болуп, бийликти сактап калуу үчүн далай нерселер болушу мүмкүн. Жеке мени төмөндөгү суроо кызыктырат:
Мураскерлик өнүгүүнүн жана стабилдүүлүктүн кепили боло алабы? Жок.

Стабилдүүлүктүн гарантиясы азыркы бийлик үчүн гана иштейт, а жөнөкөй жарандар үчүн бардыгы мурдагы эле кебетесинде калат. Эмнеге? Эгер алты жыл ичинде эч кандай өнүгүү болбосо, мындан ары өнүгүп кетет деп эмнеге ишенишибиз керек?

«Мураскер» мурдатан сызылган сызыкты түздөгөнгө аракет кылбайт, алган багытыбыз өзгөрбөйт.

Өзгөрүүлөр болбойт, анткени бардыгы «өз» кишилер жана жаңы президенттин эчтемеге алы келбейт. «Мураскерди» тандоо менен орун гана алмашып, сумма өзгөрбойт. Албетте, «Мураскер» адаттагыдай эле жаркын келечекти убадалашы мүмкүн. Бирок, өзгөрүүлөр болбойт.

Үчүнчү жыйынтык: Өзгөрүүлөр үчүн «Мураскер» операциясынын ишке ашышына жол бербөө керек. Бул үчүн шайлоочулардын саясий эрки жана калыс баасына муктажбыз. Жарандар өзгөрүү үчүн мамлекеттик бийликке жаңы көз караштагы, алдыңкы ойдогу, алдыга умтулуп, эскини кайталабаган жаңы адамдар керек экендигин түшүнүшү керек.

«Мураскер» өзүнөн мурунку президенттин алдындагы милдеттерин ойлойт. Бизге кийинки муундун алдындагы өз милдетин түшүнгөн жана ойлогон президент керек. Элдин эрки менен бийликтеги саясий күчтөрдүн тараза ташын өзгөртүп, өлкөнүн өнүгүүсү кайсы жолго түшөрүн аныкташ керек. Келе жаткан шайлоодо бийликке анын ишеничтен эбак чыкканын жана эл өзгөрүүлөрдү каалаарын айкын түшүндүрүү зарыл.

Жыйынтыгында, мен жарандарды, шайлоочуларды бардык нерселерди сын көз караш менен талдап, бышыктап ойлонууга, таразалап чечим чыгаруусуна чакырам. Мен Кыргызстанга жаңычыл өнүгүү багыты керектигине терең ишенем. Азыр бийликте 21 кылымдагы өнүгүүгө баштай албаган эски көз караштагы олигархтар отурат. Ошондуктан, аларды артка калтырып, башкаруучулардын жаңы мууну менен алдыга жылуу керек. Жаңы лидерди тандоодо саясий күчтөрдүн азыркы абалын өзгөртүү менен гана эл өзгөрүүлөргө бара алат.

Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы.