Айдын трейлерлери: Вуди Аллендин сериалы жана Ноландын жаңы тасмасы

Август айы «Өзүн өзү өлтүрүүчүлөрдүн отряды» сыяктуу кинопремьераларга эле эмес, көрүнүктүү киносүрөттөрдүн анонсторуна жана трейлерлерине да бай болду. Алдыда оскардык сыйлык үчүн таймаш, Венеция кинофестивалы жана жаңы сериалдык сезон келе жатат. Ушул себептүү, Вуди Аллендин жаңы сериалы, Кристофер Ноландан экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу фильминин анонсу, «Форрест Гамптын» режиссёрунан кызыктуу тасма жана «Жылдыздар арасындагы согуштун» кийинки чыгарылыштарын сунуштайбыз.

Кристофер Ноландын Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу жаңы фильминен тизер

Элдин сүймөнчүгү жана «Башталыш», «Интерстеллар» фильмдеринин режиссёру жаңы тасма сунуштап жатат. Бул жолу ал Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу чыгармасын жаратты. Режиссёр күтүүсүз сюжеттик бурулуштарга бай, убакыт жана мейкиндикти каалаганындай оюнчук кылган, фантастикага жакын фильм тарткан. «Дюнкерк» Нормандия жээктеринде 300 миң аскердин согуш башталаардын алдында аман калгандыгы тууралуу баяндайт. Башкы ролдордо: Том Харди жана Киллиан Мёрфи. Фильм 2017-жылдын 20-июлунда жарыкка чыгат.

Вуди Аллендин сериалы тууралуу алгачкы пикир

Муну тизер деп дагы, трейлер деп дагы атоого болбойт, бул жарыкка чыкканы турган «Алты сахналуу кризис» сериалынан үзүндү. Ал Amazon Videoнун стримингдик сервисинен көрсөтүлүп жатат. Аны Вуди Аллен тарткан, ошондуктан кичинекей эле үзүндү да элди өзүнө тарта алат: мэтрдин чачтарач менен күлкүлүү көз ирмемдерге толгон бир жарым мүнөттүк кыска диалогу эле көп нерсеге татып коёт. Сериалда башкы ролду албетте, күтүүсүз, Майли Сайрус аткарат. А премьера сентябрь айынын отузунда чыгат.

Дарт Вейдер «Куугунтук жеген адам-бир. Жылдыздар арасындагы согуш: Баяндар» тасмасынын биринчи толук кандуу трейлеринде

«Жылдыздар арасындагы согуштун» уландысынын толук трейлери чыкты. Анда Фелисити Джонс штурмчуларды талкалап, трейлердин аягында бир-эки көз ирмемде Дарт Вейдердин өзү чыгат. Өлүмдүн жылдызын уурдоо боюнча атайын операция тууралуу бутактуу баян декабрда жарык көрмөкчү.

«Уилл Хантингдин» режиссёрунан «Жер жайнаган дарактар» тасмасынын трейлери

Гас Ван Сент өткөн жылы Канн фестивалына «Жер жайнаган дарактар» фильми менен келген эле. Бирок аны көрүүчүлөр менен сынчылар түшүнө алышпай, жактырбай кабыл алышкан. Өзүн өзү өлтүрүү ойлоруна түрткөн жапон токою жөнүндөгү тасма барыбир прокатка чыкканы калды. Аны көрүп коюу, албетте, кызык. Трейлерде — сулуулук, башкы ролдордо — Мэттью Макконахи жана Марион Котийяр. Жакында көрөрманга тартууланат.

Хью Лори «Шанс» сериалында кайрадан доктордун ролун аткарат

«Доктор Хаус» сериалында аты чыккан Хью Лори кайрадан дарыгер амплуасына кайтат. Ал гангстерлер менен байланышып алган неврологдун ролун аткарат. Сериал hulu стримингдик сервисинде чыгууда, башкы каармандын атынан фильмдин да аталышы коюлган. Премьера 19-октябрда.

«Келүү» фильминин адаттан тыш трейлери

Бул — тизмедеги эң өзгөчө фильм. «Келүү» — башка планеталыктардын кол салуусу тууралуу илимий-фантастикалык картина. Бирок «Туткундар» жана «Киши өлтүргүчтөр» фильмдериндегидей Дени Вильневдин жаңы картинасында чоң муштум супермен эмес, башкы каарман катардагы окумуштуу. Эми Адамс тасмада башка планетадагылар менен байланыш түзүүгө аракеттенген лингвистти ойнойт. Бул жанрда мындай жаңы өңүт өз убагында пайда болду. Тасманын премьерасы бекеринен кийнки айда Венециянын кинофестивалынан көрсөтүлбөсө керек.

Брэд Питт жана Марион Котийяр оскарды утуп алышы мүмкүн болгон «Союздаштар» фильминин трейлеринде

Күз келип, Оскар жарышы башталды. Жакынкы үч-төрт айда сыйлыкка ээ болгусу келген фильмдердин күрөшү башталды. Алардын бири — «Форрест Гамп» фильми менен аты чыккан Роберт Земекистин «Союздаштары». Анда Экинчи дүйнөлүк согуштагы чалгынчылар тууралуу баяндалат. Ролдорду Брэд Питт жана Марион Котийяр аткармакчы. Премьерасы 24-ноябрда болушу күтүлүүдө.

Ирандан саясий багыттагы «Көлөкөдө» хоррору

Тегеран шаары голливуддук фильмдердин негизги өзөгүн көп эле жолу түзүп келген. Буга мисал болуп, Оскардын жеңүүчүсү «"Арго" операциясы» мисал боло алат. Бул темага жеке эле триллерлер же согуштук кинолор эмес, жүрөк үшүткөн хоррор жанрында да кайрылууга болот экен. «Санденс» америка фестивалынын ирандык катышуучусу так ушул өңүттө. Фильмде Ирандын капсалаңдуу борбор шаарында бири-биринен ажыраган эне менен кызы тууралуу баяндалат. Бул эксперименттин америкалык премьерасы 6-октябрда көрсөтүлөт.