Видео: Боомдо кичи автобус оодарылып, 11 адам жабыркады

Боом капчыгайында 23-август күнү кичи автобус жеңил автоунаа менен кагышып, оодарылып кетти. Жол кырсыгынан 11 адам жабыркагандыгын Чүй облусунун патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Боом капчыгайынан Ысык-Көлгө багыт алган жолдо 16 жүргүнчүсү бар «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусу адагенде жол четиндеги тосмого тийип, анан жанынан өтүп бараткан үч жүргүнчүсү бар «Тойота Хайландерди» сүзгөн.

Кагышуунун айынан айдоочу унааны башкара албай калып, кичи автобус оодарылып кеткен. Патрулдук милициянын айтымында, 11 адам жаракат алган. Алардын ичинен тогузу автобустун, экөө жеңил унаанын жүргүнчүсү болгон.

Чүй облустук патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Рахат Султанов Kloop.kgге билдиргендей, Бишкектен Бостериге бара жаткан кичи автобустун дөңгөлөгүнүн жарылышы кырсыкка себеп болгон.

Ал милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгобой тургандыгын билдирди. Кырсык административдик тартипте каралат.

«Кайдагы кылмыш иши? Айдоочу бирөөнү өлтүрдүбү? Иш административдик тартипте каралат. Түшүнсөңөр, дөңгөлөгүнүн жарылганына ал күнөөлүү эмес», — деди ал.

Кемин райондук патрулдук милиция башкармалыгынын начальниги Нурдин Осмонбеков Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде жүргүнчүлөр жеңил жаракаттарды алып, азыр үйлөрүндө экендигин билдирди. Анын айтымында, келтирилген чыгымды кичи автобустун айдоочусу төлөп берет.

«Кырсыктан кийин бардык жабырлануучулар Балыкчы жана Кемин шаарларынындагы жакын ооруканаларга жеткирилди. Бардыгына медициналык жардамдар көрсөтүлүп көзөмөлгө алынды. Оор жаракат алган эч ким болгон жок. Эң катуу жабыркаган кыздын ийни чыгып кеткен”, — дедит ал.

Zanoza маалымат агенттиги окуянын күбөсүнө таянуу менен оор жаракатты үч жүргүнчү алган деп кабарлаган. Басылма билдиргендей, жол кырсыгына «саатына 90 чакырым гана жүрүүгө болот» деген жол белгини этибар албастан саатына 100 чакырым айдап, ылдамдыкты жогорулаткан кичи автобустун айдоочусу себеп болгон.

«Салыштырмалуу олутуу жаракаттарды үчөө алган: 20 жаштардагы кыздар жана кичинекей бала. Жети жаштагы баланын кабыргалары сынган. Аны жакын медпунктка алып келгенде, жергиликтүү медиктер рентгенди чечмелей албай коюшкан. Айдоочунун кандай жаракат алгандыгын эстей албайбыз, анткени бардыгыбыз жабыркагандарга жардам берүүгө чуркаганбыз», — деген күбөнүн сөздөрүн келтирет Zanoza.kg.