Француз бийлиги мусулмандардын буркинисине каршы. Эмнелер белгилүү?

Ницца шаарынын полициясы жээктеги мусулман аялга буркинисин (сууга түшүүгө ылайыкталган мусулмандардын жабык кийими) өйдө жагын чечүүнү буйруган. Бул мусулмандар коомунун ачуусуна тийди. Тыюу салуу жөнүндө эмнелер белгилүү, андан кийин окуя кандай уланды?

24 августта француз тартип сакчысы Ниццадагы сууга түшүүчү жайдан буркинисин жогорку бөлүгүн чечүүнү буйруган. Жабык кийимчен айымга кийими чечүүсүн же пляжды таштап кетүүсүн айтышкан. Бул окуя дүйнөлүк ММКларда талкууланып, буркиниге тыюу салуу экстремизм менен күрөшүүгө жардам бере алабы деген суроону жаратты.

Француз пляждарында 86 адамдын өмүрүн алган Ниццадагы теракттан кийин август айынан баштап буркини кийүүгө тыюу салынган. Жээкте жайгашкан айрым шаарлардын мэрлери бул чечимдин «коопсуздукту сактоо максатында» кабыл алынгандыгын билдиришкен.

Тыюу салууну Франциянын премьер-министри Мануель Вальс дагы колдогон. Анын айтымында, мусулмандар «башка диндердин өкүлдөрү сыяктуу эле диний ишенимдерге берилүүдө акыл-эстүүлүк менен кадам жасоолору зарыл» экендигин шардана кылган. Вальс буркини кийүү «светтик өлкөнун принциптерине карама-каршы келет» деп эсептеген.

«Аял кишинин жабык кийинбесе абийири төгүлгөн деп эсептөө светтик Франциянын жана республиканын принциптерине каршы келет», — деген ал.

Франциядагы мусулман коомчулугунун өкүлдөрү тыюу салуу эмне үчүн аларга тиешелүү экендигине баштары маң болууда. Флоренциялык имам  Иззедин Элзир «Фэйсбуктагы» өзүнүн барагында пляжда эс алып жүргөн монах аялдардын сүрөтүн жарыялаганда, миңдеген комментарийлер, лайктар жана бөлүшүүлөр болду.

Тыюу салууга айрым француз ММКлары каршы чыкты. Алардын ичинде тыюу салууну сындап, эгер мыйзам тыюу салбаса ар ким каалаганын кие алат де жарыялаган католик La Croix бар.

Исламдан коркууга каршы француз ассоциациясы тыюу салууну сотко даттанганы менен, сот залында уттуруп жиберген. Соттун ою боюнча, тыюу салуу 2004-жылдагы эл алдында диний көз караштарын жарнамалаганга тыюу салган мыйзамга туура келет.

«Эмне үчүн аялдардын кандай кийиниши керектиги кимдир бирөөнүн тынчын алышы керек?», — деди буркинини ойлоп тапкан  Ахеда Занетти. Ал Британиянын The Guardian басылмасына «буркинини аялдарга эркиндикти тартып алуу үчүн эмес, эркиндик тартуулоо үчүн» ойлоп тапканын айткан.

«Кайдагы “француз баалуулуктары жөнүндө сөз болуп жатат”? “Француз баалуулугу” дегенде эмнени түшүнүүгө болот? Бул өзү негизи эмне дегендик? Эркиндикпи? […] Эгер силер өлкөнү бөлүп-жарсаңар, элди укпасаңар, анда душманыңарды арттырасыңар. Адамдарды бөлүп, арткы планга жылдырган бул анча жакшы саясат эмес», — деп жазган.

Сүрөт: Vantagenews.com