Италиядагы зилзала: 247 адам каза таап, 368и жаракат алды

Италиянын борбордук бөлүгүндөгү зилзалада 247 адам каза таап, 368и жаракат алды. 6,2 баллдык жер титирөө бир нече шаарды талкалады, учурда урандылардын астынан адамдарды издөө улантылууда.

6,2 баллдык жер титирөөнүн эпицентри Перуджинин түштүк-чыгышындагы анча чоң эмес Аккумоли шаары. Табигат кырсыгынын айынан 247 адам каза таап, 368и жаракат алды. Куткаруучулар урандылардын астынан адамдарды издөөнү улантышууда.

Reuters маалымат агенттиги билдиргендей, Аккумоли, Аматриче жана Аркуата-дель-Тронто шаарлары көп зыян тарткан.

Аккумоли шаарынын башчысы Стефано Петруччи RaiNews24 телеканалынан журналисттерине шаар жарым-жартылай талкаланганын билдирген.

«Карабинерлердин казармасы, чиркөөлөр жана турак үйлөр талкаланды. Көп жерде телефон байланышы жок. Азыр бул жакка куткаруучулар келип жатат. Шардын борборунда өрт өчүргүчтөр ишке киришти. Абал оор. Көп адамдарыбыз урандылардын алдында калды. Алардын санынын канча экендигин так айта албайбыз», — дейт шаар башчысы.  

Аматриче шаарынын башчысы Серджио Пироццонун айтымында, курман болгондор бар жана айрым адамдар дагы эле урандылардын астында.

Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институтунун кызматкери Андреа Тертуллиани Ansa италиялык маалымат агенттигине билдигендей, сейсмологдор Италияда ушундай жер титирөөлөр дагы кайталанбайт деп кепилдик бере алышпайт.

«6,2 магнитудалык жер титирөөнүн аркасынан дагы толкундоолор болушу мүмкүн, албетте алардын магнитудалык күчү улам алсызданат. Бирок ушундай катуу жер титирөө кайталанышы толук мүмкүн», — деди ал.

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү кырсыктан жабыр тарткандардын абалынан ар дайым кабардар болуу үчүн 24-августта Киджи өкмөттүк сарайына келди.

«Мен түнкү саат 3:37ден бери жабырлангандарга жардам кылып жана куткарып жаткан бардык ыктыярчыларга жана коомдун коргоочуларына ыраазычылык билдирем», — деди ал журналисттерге берген кыска пресс-конференциясында.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыгынан улам көптөгөн талкаланууга жана адам курмандыктарына алып келген жаратылыш кырсыгына байланыштуу өзүнүн италиялык кесиптеши Серджио Маттареллеге көңүл айтты.

«Мындай оор убакта Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен чын жүрөктөн көңүл айтам. Ошондой эле курман болгондордун жакындарына жубатуу сөздөрүмду жана жабырлангандарга тезирээк сакайып кетүүсүнө тилектештигимди айтып коюуңузду өтүнөм», — деди президент.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Мелисбек Байсымаков Kloop.kgге жер титирөөдөн жабыр тарткан кыргызстандыктар бар-жоктугун тактап жаткандыгын билдирди.

«Швейцариянын элчилиги аркылуу тактап жатабыз […] бирок, азырынча жооп боло элек», — деди ал.