Видео: Кантип милиция кызматкери мугалимдердин митингинде «журналистмин» деп анткорлонду?

ИИМдин «экстремизмге каршы» 10-бөлүмүнүн кызматкери КУУнун мугалимдеринин митингинде журналисттин кейпин кийип анткорлонду. Акциянын аягында ал массалык жыйындарга 15-сентябрга чейин тыюу салынгандыгын жарыялап туруп кетип калды.

Күрөң футболкачан адам Кыргыз улуттук университетинин окутуучуларынын мугалимдерди кайра тандоого нааразычылык билдирген митингинде «журналистмин» деп өзүн тааныштырган болчу.

100дөй окутуучу катышкан митинг Билим берүү министрлигинин имаратынын жанында өткөрүлүп жаткан. Аларды министрге жолугуу үчүн имаратка киргизишкен. «Журналист» дагы бул жолугушууга катышып, анын үчтөн бир бөлүгүндө уктап отурду. Мугалимдер көчөгө чыккандан кийин ал өзүнүн күбөлүгүн алып чыгып көрсөтүп, экстремизм менен күрөшкөн ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырды.

«Бизде Ала-Тоо аянтында митинг, акция, пикет, флэшмоб жана башкаларды өткөрүүнү чектеген Биринчи Май сотунун токтому бар. Эгер митинг өткөрүүнү кааласаңар, Горький паркында өткөргүлө», — деди «журналист»-милиционер.

Акциянын катышуучулары андан «эмнеге буга чейин журналистмин деп өзүңдү тааныштырдың?» деп сураганда, ал жооп бербестен өз иштери менен кетип калды.

ИИМдин маалымат-кызматы менен материалды даярдап жаткан убакта байланыша алган жокпуз.

Видео: Азат Рузиев