Жарандардын жерлерин «коомдук керектөөлөр» үчүн тартып алышат: чын эле ошондойбу?

Жарандардын жерлерин «коомдук зарылчылыктарды канааттандырыш үчүн» алып алууга уруксат берген мыйзам долбоору президентке жөнөтүлдү. Мыйзамга киргизилген бул өзгөртүүлөр эмнени билдирет жана бийлик чындап эле жерлерди тартып алабы?

Юстиция министрлиги 2015-жылдын октябрь айында Жер жана турак жай Кодексинен турак жайдын алдындагы жер тилкелерин мамлекеттин жана коомдун керектөөсү үчүн алып коюусуна бөгөт койгон норманы алып салууну сунуштаган. Июнь айынын аягында бул мыйзам долбоорун парламент кабыл алган.

Бул кантип ишке ашат?

Сиздин тамаркалуу үйүңүз трассанын боюнда жайгашкан дейли. Бир маалда эле мамлекет жолду кеңейтиш керек деп чечет дагы, ал үчүн сиздин жер тилкеңизден анча-мынча алыш керек болот.

Эгер сиз макул десеңиз, мамлекет сизге компенсация төлөп берет дагы, жер тилкесинен бир үзүм алат. Компенсациянын суммасы базар баасында коюлат, бирок практикада андан төмөн болот.

Эгер сиз макул болбосоңуз, анда жер акыры кимге таандык болорун аныктаган соттук териштирүүлөр башталат. Азырынча бул өзгөртүүлөр аракетке кире элек, сиздин тамаркаңызды тартып алууга эч кимдин акысы жок.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр үй турган жер тилкесине тиешеси жок, тамаркага гана тиешелүү.

Бирок анда мамлекет жеке жактарга баш оту менен биротоло берген жер тилкесин гана ала алышат.

Мындай жерден канча? Баш мыйзамга ылайык, ар бир жаран жер тилкесин алууга укугу бар жана бул укугун пайдалангандар жетиштүү эле.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр дагы кимге тиешелүү?

Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына. Анткени мындай үйлөрдө сөзсүз короосу же имараттын тегерегиндеги бош жери болот. Мыйзамдагы өзгөртүүлөр ушуларга да тиешелүу.

Мисалы, сиз жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында жашоочулар колдонгон автомашина токтотуучу жай бар дейли. Бир күнү шаар бийлиги бул жайды көрктөндүрүп, сквер курууну чечет. Эгер мурда бул жер тилкесин алып коюуга жол берилбесе, эми бийлик жаңы мыйзамды колдоно алат (сквер кургандын албетте, эч кандай жаман жагы жок, биз жөн гана жаңы норма кандай иштээрин мисал кылып жатабыз).

«Коомдук зарылчылык» деген эмне?

Ар бир жерди алып койгон чакта ал «коомго зарыл» болуп жаткандыгына негизделиши керек. Бул төмөнкү учурларда ишке ашат:

  • Улуттук коопсуздукту жана коргонууну камсыздоодо;
  • Пайдалуу кендерди чалгындоодо;
  • Тарыхый-маданий мурастарды жана айлана-чөйрөнү коргоодо;
  • Шаар парктарын, эс алуу жайларын курууда;
  • Инфраструктуранын объектилерин жайгаштырууда;
  • Мамлекеттик чек араны коргоону камсыздоодо;
  • Өзгөчө кайтарууга алынуучу аймактарды тейлөөдө.
Талаш-тартыштардын себеби эмнеде?

«Биздин укук» корунун укук коргоочусу Калича Умуралиева жеке менчик укуктарды коргогон конституциялык нормаларды бузуп жатат дейт. Анын айтымында, Баш мыйзам боюнча тамаркаларды, үйлөрдүн тегерегиндеги жер тилкелерин тартып алууга эч кимдин акысы жок.

«Мыйзам долбоору чийки, эксперттик базасы жок жана аны кабыл алууга эч кандай негиздемеси жок. Биз ал жөнүндө экинчи жолу окулушуна чейин билген да эмеспиз. “Май айында өттү” делген коомдук угуулар турак жай жана жер маселелери менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын катышуусуз өткөн», — деди ал.

Умуралиеванын айтымында, ал өзүнүн тарапташтары менен биргеликте 1-сентябрда митингге чыгып, эгер президент бул мыйзам долбоорго кол койюлса, эмнелер күтүлөөрүн элге түшүндүрмөкчү.

«Мыйзам президенттин алдында жатат, мүмкүн ал эмгиче ага кол коюп деле койгондур. Бирок эмнеси болсо да биз өзүбүздүн пикирибизди айтабыз: анын өзүнүн жарандарынын укуктарын бузууга акысы жок», — дейт Умуралиева.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген депутаттар — Максат Сабиров, Мирлан Бакиров, Адыл Жунус уулу, Иса Өмүркулов, Жыргалбек Турускулов, Махабат Мавлянова.

«Бул жер тилкелерин мыйзамсыз тартып алат дегенди түшүндүрбөйт. Документте компенсациялар да эске алынган, эрежеси түзүлгөн. Активисттер эмне болуп коомдук талкууга катышпай калгандары табышмак», — деди Бакиров 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде.

«Ата Мекен» партиясынын лидери депутат Өмүрбек Текебаев үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн өнүктүрүүгө жана реконструкциялоого багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган. Мыйзамдын долбоору шаардын борборунда жайгашып, 1996-жылга чейин салынган үйлөрдү мамлекетке алуу боюнча планды ичине камтыган.

Текебаев өзү демилгелеген мыйзам долбоорун шаардын жашоочуларынын нааразылыгынан кийин кайра чакыртып алган. Ал бийликтин масштабдык конструкцияларды түзүүдө тажрыйбасы жок деген пикирлерди туура көрдү.

Бишкек шаарынын жашоочуларынын депутаттарды «куруучу компаниялардын кызыкчылыктарын коргоп жатасыңар» жана шаардын борборундагы жерлерди өзүңөрдүн жеке кызыкчылыктарыңар үчүн «тартып алып жатасыңар» деген айыптоолорунан кийин демилге токтогон.