Футбол: Чемпиондор Лигасынын чүчү кулагынын жыйынтыгы жана Европанын эң мыкты оюнчулары

Монакодо Чемпиондор Лигасынын чүчү кулак кармоо салтанаты өткөрүлүп, Европанын мыкты оюнчулары аныкталды.

Европа футбол ассоциациялар союзунун (ЕФАС/UEFA) жыйынтыгы боюнча Европадагы эң мыкты оюнчусу деп Мадриддин «Реалынын» футболчусу Криштиану таанылды.

Аялдар арасында мындай наамга француздардын «Лион» клубунан Ада Хедерберг татыктуу болду.

Чүчү кулакты 2016-2017-жылдардагы Чемпиондор Лигасынын финалынын элчиси валлийлик Ян Раш өткөрдү. Ага Кларенс Зеедорф, Тьерри Анри, Рууд ван Нистелрой жана Роберто Карлос жардам берди.

Сүрөт: Harold Cunningham, UEFA
Сүрөт: Harold Cunningham, UEFA

Төрт топтогу клубдар сегизге бөлүндү. Салт боюнча бир топтун ичинде бир эле өлкөдөн чыккан клубдар кирбейт, ошондой эле Орусия менен Украинанын клубдары башка-башка топторго бөлүнүштү.

Топтук этап 13-сентябрда башталат.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:

Группа A: «ПСЖ», «Арсенал», «Базель», «Лудогорец».

Группа B: «Бенфика», «Наполи», «Динамо» Киев, «Бешикташ».

Группа C: «Барселона», «Манчестер Сити», «Боруссия» Менхенгладбах, «Селтик».

Группа D: «Бавария», «Атлетико», ПСВ, «Ростов».

Группа E: ЦСКА, «Байер», «Тоттенхэм», «Монако».

Группа F: «Реал», «Боруссия» Дортмунд, «Спортинг», «Легия».

Группа G: «Лестер», «Порту», «Брюгге», «Копенгаген».

Группа H: «Ювентус», «Севилья», «Лион», «Динамо» Загреб.

Финал Уэльстин Кардифф жергесиндеги «Миллениум» стадионунда 2017-жылдын 3-июнунда өтөт.

Сүрөт: Reuters