Өзбекстандын ички иштер министрлиги кармалган кыргызстандыктарды «мыйзам бузгандар» деп атады

Өзбек милициясы кыргыз инженерлерин «мыйзам бузгандар» деп атады. Би-Би-Синин берген маалыматы боюнча, Өзбекстан Унгар-Тоону аларга тиешелүү деп жарыялаган. Кыргыз бийлиги бул аймак тактала элек деп талаш кылууда.

Британиянын маалымат корпорациясы 25-августта Өзбекстан ИИМи Унгар-Тоодо кармалган станциянын төрт кыргыз инженерин «мыйзам бузгандар» деп атаганын билдирди.

«Наманган облустук ИИБнин кызматкерлери 22-августта облустун Чартак районунунун аймагындагы Унгар-Тоо бийиктигинин аймагында паспорттук режимди текшеришкен», — деп айтылат Өзбекстан ИИМнин билдирүүсүндө.

Кыргызстан ИИМнин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге өзбек ИИМинин кармалган кыргызстандыктарды «мыйзамсыз жүргөндөр» деп жарыялаганы талаштуу экендигин билдирди.

«Унгар-Тоо азырынча талаштуу аймак, анын үстүнө ал жерде биздин ретрансляциялык телемунара жайгашкан. Кыргызстандын ИИМи азыр сүйлөшүүлөрдү жүргузүп, өзбек тараптын мындан аркы иш-аракетин күтүп жатат», — деди ал.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымат катчысы Сажира Чоколоева Kloop.kgге абал азырынча өзгөрүүсүз экендигин билдирди.

«Биздин жарандар дагы эле ошол жакта. Азыр өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-августта өкмөткө жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бардык эл аралык макулдашуулар, келишимдер, протоколдор жана меморандумдар, өзгөчө чек ара маселесине тийиштүүлөрүн текшерип чыгууну тапшырды.

«Убакыт өткөн сайын мурдагы президент жана жогорку кызматтын өкүлдөрүнүн кыргызстандыктар биздики деп эсептеген жерлерди башка өлкөнүкү деп тааныган фактылары чыгып атат. Бул “чегинүүлөр” тууралуу чиновниктер жашырып келишкендиктен, ал жөнундө эл эле эмес, аракеттеги мамлекет жетекчилери (анын ичинде президент да бар) билбей келишкен», — деди Атамбаев.

Талаштуу аймактар

Чек арадагы чыңалуу Кыргызстандын милициясы 13-августта Ала-Бука районунда чек аранын мыйзамсыз кесип өткөн өзбек милициясын колго түшүргөндөн кийин башталган.

Тогуз күндөн кийин талаштуу аймакка жети өзбек милициясы Ми-8 тик учагы менен түшүрүлгөн. Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүгүзүп, ошол күнү кечинде өзбек милиционерин бошоткон.

24-августта билдирилгендей, өзбек милициясы атайын операциясынын учурунда кыргыз телемунарасынын төрт инженерин кармап кетишкен. Инженерлер Урманов, Бердалиев, Ташматов и Усупбаев Өзбекстандын Янгикурган милция бөлүмүнө жеткирилген.

Өзбек милициясы Унгар-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеген төрт кыргыз инженерин кармап кеткен. Өзбек тарап ошондой эле Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагы экендигин жарыялаган.

Өзбекстан менен чек ара чырлары СССР кулагандан кийин чечилбей келе жаткан талаштуу аймактардан улам чыгып келет.

Унгар-Тоо такталбаган чек ара аймагында 2016-жылдын мартында эки өлкө ортосунда чыңалуу күчөгөн. Кыргызстан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн келген адистерди өткөрбөй койгондон кийин, өзбек тарап эки бронетранспортёр, эки КаМАЗ жана 40тай аскерлерин Аксы районундагы Чала-Сарт аймагына коюшкан.

Тема боюнча: