ТИМ: Москвадагы кампада чыккан өрттөн 14 кыргызстандык каза болду

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, Алтуфьев шоссесиндеги өрттө эң эле аз дегенде 14 кыргызстандык каза тапкан. Жалпы 17 адам өрттүн курмандыгы болушкан.

Өрт Москванын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан өнөр жай зонасындагы кампадан чыккан. Өрттөнгөн кампа  «Печатный экспресс» басмаканасына таандык.

Кырсыктан 17 адам каза тапты, алардын 14ү кыргызстандык. Каза болгондор тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Москвадагы элчиликтин билдирүүсүнө таянып бышыктады.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин маалымат департаментинин биринчи катчысы Айымкан Кулукеева Kloop.kgге каза болгон кыргызстандыктардын так саны азырынча белгисиз экендигин билдирди.

«Алдын ала маалыматтарга караганда каза болгон 16 адамдын 14ү кыргызстандык. Бардыгын таанып аныкташа элек, биринин документи болсо, бириники жок. Так маалымат азырынча жок. Биздин кызматкерлер окуя болгон жерде иш алып барып такташууда», — деди ал.

Кулукеева окуя болгон жерде элчиликтин кызматкерлери Орусиядагы Кыргызстандын ИИМнин өкүлү менен биргеликте жүрүшкөндүгүн кошумчалады.

Москва шаарынын ӨКМнин берген маалыматына караганда, курман болгондор камалып калышкан. Куткаруучулар дубалды бузуп кирүүгө мажбур болушкан.

Өрт төрт кабаттуу үйдүн биринчи кабатында чыгып, лифттин шахтасы аркылуу тараган. Тилсиз жоонун себепкери — электр чырагы болуп чыкты.

Учурда өрт өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби деп биринчи кабаттагы электр чырагынан кыска убакытка чыңалуудан келип чыккан от аталган. Өрттү өчүрүү үчүн Орусия өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 техникасы жана 110 кызматкери тартылган.

Кыргызстандык Белектин «Азаттык» радиосуна айтып бергени боюнча, өрт имараттын ичинде өтө ылдам тараган. Басмаканада негизинен кыздар иштешкен, болжолдуу 70 пайызы — Кыргызстандын жарандары.

«Алар өтө жаш кыздар болгон, бири кош бойлуу болгон», — деди ал.

Басмакананын кызматкери Сайкал Оморбек кызы өрт учурунда сактанып калууга үлгүргөн. Айтымында, алар төртүнчү кабатта иштеп жатышкан. Эртең мененки саат 7:50дө аларды мастери коё берип жатканда кимдир бирөө келип өрт башталганын айткан.

«Ашканада түтүн болгон эле. Мастерибиздин башчылыгында чуркай баштадык. Кийинчү бөлмөгө түтүн кире баштады. Кыздар нөөмөткө келип, биз жүгүрдүк. Беш-алтыдай кыз чуркап чыгып кетти», — деди ал «Азаттыкка».

Сүрөт: «Азаттык»