Атамбаев президент болгондон бери Баш мыйзам боюнча эмнелерди айткан?

Президент Алмазбек Атамбаев Эгемендүүлүк күнүндө азыркы Баш мыйзам авторитардык режимге жол ачат деп билдирди. Бирок Атамбаев ушул күнгө чейин өлкөнүн негизги мыйзамы тууралуу эмнелерди айткан?

2016-жыл: 2010-жылдагы Баш мыйзам оң өзгөрүүлөргө өбөлгө түздү, бирок кемчиликтери бар

Атамбаев Конституция күнүндө: «Бул негизги мыйзам шашылыш кабыл алынып, ошондуктан кемчиликтери болгону менен анын жардамы менен Кыргызстан кайра жаралуу жана укуктук-демократиялык мамлекеттик түзүлүш жолуна түштү. […] Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы элдин духу менен төп келиши керек жана өнүгүү максаттарына жетүүнү камсыздашы керек».

2015-жыл: «2010-жылдагы Баш мыйзам — эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң демократиялуу жана прогрессивдүү»

Атамбаев Конституция күнүндө: «Негизги мыйзам 1993-жылдагы Баш мыйзамда жазылган баалуулуктарды — чыныгы парламентаризмди, өлкө үчүн маанилүү чечимдерди бир адамдын кабыл ала албоосун кайтарып берди. Баш мыйзамдын негизинде сот системасында, шайлоо мыйзамдарында, коомдун жана мамлекеттин жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө реформа жүргүзүү боюнча максаттуу иштер алынып барылууда».

2014-жыл: 2010-жылдагы Баш мыйзамда «миналар» катылган

Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарып жатып: «Бир айда жазылган Конституция толук болушу мүмкүн эмес. Баш мыйзам боюнча көпчүлүк жерлеринде “миналар” бар. Эртеби-кечпи бир нерсени өзгөртүү керек болот. Эгер бир жакшы сотторлу кааласак, анда Баш мыйзамды өзгөртүүгө туура келет».

atambaev-13

Атамбаев Конституция күнүндө: «Башка себептер менен катар эле Баш мыйзамга киргизилген такай жана негизсиз өзгөртүүлөр Кыргызстанда коррупциялашкан үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, жарандардын укук жана эркиндиктеринин бузулушуна алып келди».

2013-жыл: Стабилдүүлүк азыркы Баш мыйзамдын туруктуулугу менен байланыштуу

Атамбаев Конституция күнүндө: «Биз биргелешип мамлекет курууга жана жаратман эмгекке үйрөнүшүбүз керек! Бүгүн Кыргызстан туруктуулукка муктаж. Бул максатка жетүү үчүн биринчи кезекте Конституциябыз туруктуу болууга тийиш. Президент катары, өлкөнүн жаңы лидерлери шайланган сайын Конституция өзгөрбөш керек деген ойдомун. Биз Конституциянын негизинде, Мыйзамдын чегинде жашоого үйрөнүшүбүз керек».

2012-жыл: «2010-жылдагы Баш мыйзам аткаруучу бийлик тарабынан басмырланган парламентаризмди жандантты»

Атамбаев Конституция күнүндө: «Азыркы Конституция эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясына үндөш. Ал мамлекеттин бир дагы бийлик бутагына, бир дагы кызмат адамына бийликти бир колго топтоштурууга мүмкүнчүлүк бербеген системаны орнотту. Өкмөткө кайрадан өлкөнүн бардык күндөлүк курч маселелерин ийгиликтүү чечүүгө абдан зарыл болгон өз алдынчалуулукту тартуулады».