Эдил Байсалов: Кантип Текебаев Атамбаевди саясий жактан обочолонтууну сунуштады

«Пикир» рубрикасына жарыяланган материалдар авторлордун жеке пикирин чагылдырат. Жазуунун түп нускасы Эдил Байсаловдун жеке барагында жарыяланган.

Эдиль Байсалов, коомдук ишмер
Эдил Байсалов, коомдук ишмер

Биздин парламенттеги кабарчыларыбыздын деңгээли (капачылык болбосун) мындан да мыкты болууга тийиштүү экенине канчанчы жолу ишенип жатам. Алар айтышуу маалында эле ойгонушат, алар окуялардын маанисин баамдашпайт.

Мына бүгүн дагы: кантип [депутат Өмүрбек] Текебаев сессияда «аял [экс-президент Роза] Отунбаевага» болушканын, дагы эмне болду эле, бизге айтып беришти.

Жакшы, YouTube бар экен.

Ал жерде Текебаев [Алмазбек] Атамбаевди президенттиктен кеткенден кийин көчөдө кармап алып «эркекче сүйлөшөөрүн» убада кылганын да көрөсүң.

Бирок кеп мында эмес!

Видеонун соңунда гана эмнеге Текебаев «легендарлуу» атасын эстеп [депутат] Бакыт Төрөбаевге даттанып жатканын, эмнеге мурдагы акаевчи жана бакиевчилер өз билгениндей калчап жатканын айтып КСДПны кекетип жатканын түшүнөсүң.

Кеп Текебаевдин бүгүнкү сессияда, учурдагы президент Атамбаевден толугу менен көз карандысыз жаңы коалиция жана жаңы өкмөт түзүп, парламенттик төңкөрүш кылууну сунуштаганында.

Баш мыйзам буга уруксат берет!

Кечээ мен айрым оппозиция лидерлери менен болгон жолугушууга катыштым. Ал жерде бийликти басып алууну, параллелдик түзүлүштү калыптандырууну сунуш кылган жана ар кандай «өйдөлүш-төңкөрүштөр» схемаларына тамшанган авантюристтер да бар болчу.

Мен чечкиндүү түрдө мындай азгырыктарды айыптап, бир жылдан кийин президенттик шайлоо өтөөрүн жана ага ким кааласа катыша алаарын айттым.

«А башка жолу барбы?» — деп ачык шайлоолордон жеңе албашын туура түшүнүп турган бул авантюристтер эле эмес, кечээ Атамбаевдин «Король Лир» сыяктанып саясий талаанын толугу менен тазаланышын жарыялаганын көргөн бардык акыл-эстүү адамдар да бизден сурап жатышат.

Мына Өмүрбек Чиркешович буга жооп сунуштап жатат!

Коомдук пикирди, мыйзамсыз кадамдарга чыгып кетпей, анык эле функционалдуу болбой калган Атамбаевди жалпы саясий жактан обочолонтууга багытташ керек!

Браво, биздин жалгыз саясатчыбыз!

Биздин бардык күчүбүз азыр атамбаевдик администрация кул кылып алган Жогорку Кеңешибизди террордон жана репрессия коркунучунан бошотууга ташталышы зарыл!

Же бул Жогорку Кеңеш ойгонуп, бийликти узурпация кылуудан мамлекетти коргоо боюнча өзүнүн конституциялык функцияларын аткара баштайт, же Кыргызстандын элине жаңы парламенттик шайлоону талап кылууга туура келет!