Кир жуугуч машина, муздаткыч, электр меши жана азык-түлүктөр — мунун баарын Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында жашаган 64 жаштагы апа коомдук тармактын колдонуучуларынан жардам катары алды. Kloop.kg март айында анын оорулуу небереси менен кечирген жашоосу тууралуу видеону «Фейсбукта» жарыялаган эле.

Бир күнү Акжол Макиев «Фэйсбукта» видео көрүп калат. Видеодо Ысык-Көл облусунун Токтоян айылындагы Анаркүл апанын оор жашоосу тууралуу баяндалган эле — 64 жаштагы эне 15 жылдан ашык убакыттан бери оорулуу небересин жалгыз багып келет.

«Видеону көргөн соң материалдык жардам берейин деп чечтим. Токтоян айылына барып, Анаркүл апага кандай жардам керек экенин тактадым», — деп айтты Макиев.

Андан кийин ал өзүнүн университеттеги группалаштарын чогултуп, Анаркүл апага кир жуугуч машина, муздаткыч, электр мешин жана бир аз азык-түлүп алып беришкен.

«Кыш жакындап калды. Муну менен токтоп калбайбыз — дагы бир тонна көмүр сатып алып беребиз», — деп убадалашты активисттер.

Анаркүл апанын айтымында, айыл өкмөтү убада бергени менен, бийликтен эч кандай колдоо көрсөтүлгөн эмес.

Бирок Макиевден башка дагы жардам берчүлөр чыккан — Бишкектен Анаркүл апа менен небересине акча берип жиберишкен, ал эми Ысык-Көл облусунун жашоочусу Чолпон азык-түлүк жагынан: картошка, сабиз жана өсүмдүк майынан жардам берген.

Токтояндын жашоочулары жөнүндө сюжет Kloop.kgде 18-мартта жарыяланган. Ошондон бери видеону 68 миңден ашуун адам көргөн.

Видеодо 3000 сом пенсия алган 64 жаштагы апа өзү жалгыз майып болуп калган небересин 15 жылдан бери жалгыз багып келе жатканы чагылдырылган.