ДКО-2016дагы биринчи күн: Кыргызстандын биринчи алтыны жана «Көчмөндөр ааламы» фестивалынын ачылышы

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) биринчи күч сынашуу күнү Орусиянын медалдык эсепте лидерлиги менен башталды — 10 алтын байге. Кыргызстан азырынча бир алтын медалдын ээси, бирок сыйлыктардын саны боюнча биринчи орунда.

Медалдык эсеп: Орусия биринчи орунда

Жалпы медалдык эсепте Орусия алдыда, анын артынан Казакстан, а үчүнчү орунда болсо Грузия келе жатат.

20160905_013838

Биринчи алтынды Кыргызстан таяк тартышуудан жеңип алды

Ольга Шайнурова Көчмөндөр оюндарынан Кыргызстанга биринчи алтын медалды алып келди. 85 килограммга чейинки салмакта финалда Өзбекстандын спортчусу Олеся Гурееваны жеңип алды.

Ольга Шайнурова (солдо). Сүрөт: Максим Суханов.
Ольга Шайнурова (солдо). Сүрөт: Максим Суханов.

Таяк тартышДүйнөдөгү көптөгөн элдердин улуттук оюндарынын катарында кандайдыр бир нерсени тартуу (таяк, камчы, тери, тактай, найза, аркан) сыяктуу салттуу оюндары болгон. Мисалы: Якут элинде – мас-рестлинг, кыргыздарда – таяк тартыш, түрк элинде – жыгач күрөш, англисче вариантында болсо - stick pull деп айтылууда. Мас-рестлингде атаандаштар бири-бирине бет маңдай болуп, кырынан коюлган тактайга буттарын тиреп, бир таякты экөө эки жагынан эки колдоп кармап отурушат. Спортчу таякты атаандашынын колунан сууруп алса же аны таяк менен кошо өзүн көздөй тарта алса жеңүүчү болуп эсептелет. Кармашуу бир балбан эки жолу жеңип кеткичекти уланат. Бир раунд 2 мүнөткө созулат.

300 боз үй тигилген «Кыргыз айылы» этношаарчасы

IMG_9548

Кырчын жайлоосунда боз үйлөрдөн этношаарча ачылды. Расмий түрдө анда 288 боз үй тигилген, бирок Kloop.kgнин кабарчысы маалымдагандай, көчмөн үйүнүн саны андан да көр — боз үйдү уюштуруучулар эле эмес, Оюндардын коноктору жана көрүүчүлөрү да орнотууда.

IMG_9562

«Кыргыз айылы» этношаарчасы Бишкек жана Ош шаарлары, андан сырткары Кыргыз Республикасынын жети облусунун атынан тигилген тогуз конуштан турат, ар биринде 25тен боз үй бар.

IMG_9948

Шаарчанын ачылышы «Көчмөндөр ааламы» фестивалы менен коштолду.

IMG_9826-1068x712

Түркия Кыргызстан менен боло турган беттешке кечигип калды

Түркия курамасы көк бөрү боюнча матчка барбай калып, техникалык жеңилүүгө дуушар болду. Матчка алар кечигип калышкан. Түрк спортчулары Чолпон-Атага убагында келе алышкан эмес.

2016083114584613

Оюндардын басма сөз борборунан Түркиянын курамасы эртеңки оюнга сөзсүз келип катышаарын убадалашты.

Оюндар үчүн 15 килограммдык нандар бышырылган

«Көчмөндөр ааламы» фестивалында Оштон келген Базаркүл Мамырова өзү даярдаган 15 килограммдык нандарды көрсөттү.

Сүрөт: © Sputnik / Исмаил Мамытов
Сүрөт: © Sputnik / Исмаил Мамытов.

Андан сырткары ал «өзгөчө рецепти» менен нандын 40тай түрүн бышырып келген.

Оюндардагы биринчи жаракат алуу

IMG_9739

Театралдаштырылган көрсөтүүнүн катышуучусу куймулчагын сындырып алды. Эркек киши улуттук оюндар убагында жабыркап, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Дарыгерлер белгилегендей, анын ден-соолугу начарлап кете турган болсо, Чолпон-Атадагы ооруканага жеткрилимекчи.

Кырчындагы коопсуздукту 600дөн ашуун милиционер камсыздоодо

Оюндарда коопсуздук үчүн өзгөчө көңүл бурулган. Кырчындын өзүндө эле тартипти 600дөн ашуун милиционер көзөмөлдөөдө.

DSCF2187

Kloop.kgнин редактору Дмитрий Мотинов Көчмөндөр оюндарындагы коопсуздук жагдайлары жана милиция топтору боюнча кеңири баяндап берген.

Сүрөт: Света Зеленская и Дмитрий Мотинов