Казакстан Кордайдагы коридорду кеңейтет

Казакстандын бийлиги Кыргызстан менен болгон чек арада жайгашкан «Кордай» өткөрмө бекетиндеги коридорду кеңейтүүнү чечкен. Муну эки өлкөнүн жарандары жана туристтердин узун кезектерге нааразычылыктарынан улам жасоодо.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Толкын Абдыкеримова Kloop.kgге курган маегинде «Кордайдагы» кеңейтүү иштери казакстандыктардын жана туристтердин нааразычылыктарынан улам башталганын айтты.

«Чек арадан өтө турган коридорду кеңейтүү Казакстандын аймагында башталган. Жарым жылдай мурда адамдар коридордун тар, тыгын экенине арызданышып, анын айынан узун кезек пайда болуп жатканын айтышкан. Жайда коридор ысып, дем алууга кыйын болуп калат», — деди ал.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев 30-августта өзүнүн казак кесиптешине кат жазып, темир коридор чек арадагы бекеттердин стандарттарына туура келбестигине көңүл буруусун айткан. Андан сырткары чек арадан өтүү үчүн жакшы шарттарды түзүүгө чакырган.

«Тилекке каршы, аталган бекетте эки өлкөнүн тең жарандарына адамгерчиликсиз мамиле жасалганына күбө болдум. Алар Казакстандын чек ара кызматкерлеринен өз милдеттерине эле эмес, адамдарга да түздөн-түз кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамилелерине тушугуп жатышат», — делет Акыйкатчынын катында.

Казакстанда адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу Аскар Шакиров 6-сентябрда жооп берип, анын мекемеси мониторинг жүргүзүп, «сезон убагында чек арадан өтүүдө сезилерлик ыңгайсыздыктар жараларын» мойнуна алган.

«Аталган коридорду керек болсо сезон маалында да адамдар өткөнгө ыңгайлаштырып кеңейтүү, андан сырткары күтүү үчүн алгылыктуу имарат түптөө сунушталган», — делет Шакировдун катында.

Ал ошондой эле Кыргызстандын бийлигин да бул коридордун кыргыз тараптан чек арасынын абалын жакшыртууга чакырган.

Сүрөт: Tengrinews.kz
Видео: Zanoza.kg