«Кыргыз айылы» — Көчмөндөр оюндарындагы 300 боз үйдөн турган этно шаарча

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда 288 боз үйдөн турган «Кыргыз айылы» этно шаарчасынын ачылышы болду. Шаарчада коноктор түрк элдеринин каада-салт жана үрп-адаттары менен тааныша алышат.

«Кыргыз айылы» этношаарчасы Бишкек жана Ош шаарлары, андан сырткары Кыргыз Республикасынын жети облусунун атынан тигилген тогуз конуштан турат, ар биринде 25тен боз үй бар.

IMG_9948

Шаарчанын конокторун борбордук кире бериштен улуттук кийимчен улан-кыздар тосуп алышат. Кире бериштеги дарбаза туулар менен жасалгаланган жана эки тарабынан балбалдар орнотулган.

IMG_9499

Этно шаарчанын ачылышы «Көчмөндөр ааламы» фольклордун фестивалы менен коштолду.

IMG_9739

IMG_9705

IMG_9906

IMG_9858

IMG_9826

IMG_9771

Анын борбордук аянтында «Хан-Ордо» деп аталган эң чоң боз үй орнотулган. Анын эки жагынан күзөт мунаралары тургузулган. Жанында болсо коноктор үчүн эки боз үй тигилген.

IMG_9635

Башка боз үйлөр болсо тез жардамга, өзгөчө кырдаалга жооптуу кызматтарга жана ошондой эле чет элдик басылмалар үчүн басма сөз борборуна арналган.

IMG_9554

«Кыргыз айылы» шаарчасынын аймагында чет элдик делегациялар өздөрүнүн улуттук турак-жайын орнотуусу үчүн атайын жер бөлүнүп берилген.

IMG_9674

Бардык келгендер үчүн 60 боз үйдө тамактануу жана соода-сатык түйүндөрү уюштурулган.

IMG_9660

Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары коноктордун ыңгайы үчүн 87 чарчы метр аянтты камтыган унаа токтотуучу жай ачышкан. Ал «Кыргыз айылынан» алыс эмес жерде орун алган.

IMG_9765

IMG_9928

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Атада 3үнөн 8-сентябрга чейин өтөт.

Тема боюнча:

Сүрөт: Светлана Зеленская
Видео: Тилек Бейшеналы уулу, Александра Ли