Өзбекстан менен чек арада аскердик техника. Эмнелер белгилүү?

Өзбекстан Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан аймакта окууларды өткөрүүдө, Унгар-Тоосу дагы деле өзбек күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө, кармалган кыргыз инженерлери азырынча бошотула элек. Чек арага жакын жайгашкан аймактагы абал туурасында дагы эмнелер белгилүү?

Өзбекстан Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан аймакта окууларды өткөрүүдө. Бул болсо жергиликтүү тургундардын тынчысыздануусуна түрткү болду. Бул туурасында НТС телеканалы кечки чыгарылышында билдирди. Кербен шаарынын депутаты Эргешалы Озокеев телеканалга айткандай, асманда өзбек тик учактары үзгүлтүксүз учуп, Унгар-Тоого орнотулган прожекторлор кыргыз аймагын жарык кылып көрсөтүп турат.

Кыргыз чек ара кызматы билдиргендей, Өзбекстан аскердик окуулардын өтөөрүн алдын ала макулдашкан жана эч кандай техника чек араны бузган эмес. «Бул пландык иш-чара, тынчсызданууга себеп жок», — деди Чек ара кызматынын өкүлү Сажыра Чоколоева.

Кыргыз инженерлерин бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулду. Себеби Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өзүнүн өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен чек арадагы абал жана кармалган кыргызстандыктарды бошотуу боюнча сүйлөшкөн. Кыргыз өкмөтү берген маалыматтар боюнча, өзбек тарап «чек ара маселелерин чечүүгө бел байлаган».

«Кербен» радиорелейлик станциясынын төрт кызматкери 24-августта камалган. Аларды өзбек аймагында «мыйзамсыз» жүрөт деп камап коюшкан. Алар — Урманов, Бердалиев, Ташматов жана Усупбаев аттуу инженерлер — азырга чейин Өзбекстандын Янгикурган РИИБде кармалууда. Чек ара иштери боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, кыргызстандыктардын камалышы мыйзамсыз жана өзбек тарап камалган кыргызстандыктарга адвокаттардын тобун коё бербей жатат. Кыргызстанда инженерлерди кармап кеткенден кийин адам уурдоо иши боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Унгар-Тоо боюнча талаш чечиле элек аймакка 22-августта жети өзбек милиционери түшүрүлгөндөн бери уланууда. Ошондон бери абал өзгөрө элек — тоо азырга чейин Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Кыргыз чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тоодо өзбек милиционеринин саны 20га чейин көбөйгөн. Тоого маал-маалы менен Өзбекстандын тик учактары конуп, азык-түлүк жана нөөмөт алмаштыргандарды алып кетип жатат.

Тема боюнча:

Башкы сүрөт: архивдик