Жүк ташуучу унаалардын кагылышуусунан улам Бишкек-Ош авто жолу жабылды

Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгы 8-сентябрда эртең менен болду. Эки жүк ташуучу унаанын кагылышуусунун натыйжасында жол жабылды. ӨКМнин маалыматы боюнча, кырсыктан каза тапкандар болгон эмес, бир адам жаракат алган.

59161-hd_

Бишкек-Ош автожолунун 402-километринде эки чоң жүк ташуучу «MAN» жана «Howo» маркасындагы автоунаа кагылышып, жол кырсыгы катталды.

59155-700

ӨКМнин билдиришинче, өлүм катталган эмес, бирок Бишкек-Ош авто жолу сыныктардын жана төгүлгөн мазуттун кесепетинен жабылды.     

59159-700

ӨКМнин түштүк региону боюнча басма сөз борборунун кызматкери Мухаммед Сваров куткаруучулар окуя болгон жерге эртең менен саат 8де чыгып кетишкенин Kloop.kgге айтты.

59168-700

«Бир жабыркоочу бар, бирок учурда ал ооруканага жеткирилген, абалы  азырынча белгисиз. Куткаруучулар азыр унааны алып ташташты, бирок жол дагы эле болсо жабык бойдон», — деди ал.

59169-700

ӨКМнин башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Эльмира Шерипова, Kloop.kgге кагылышуунун себебин милиция иликтерин айтты.

59156-700

«Азырынча окуя болгон жерде биздин кызматкерлер дагы эле бар. Алар биринчилерден болуп окуя болгон жерге барып, жаракат алган айдоочуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми азыр биздин кызматкерлерибиз жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Азырынча жол жабык, качан тазалап бүткөндө гана биз билдире алабыз», — деди ал.

Сүрөт: АКИпресс