«Жейсон Борн»: Жылдар өтүп, сен картаясың

Жейсон Борн жөнүндөгү триллер-блогбастеринин кайрадан чыгарылышы, Kloop.kgнин киносынчысы Азамат Омуралиевдин ою бюнча, акыркы жылдардагы бирден бир эң мыкты блогбастер болуп эсептелет.

Акыркы жылдарда комикс мотивиндеги блогбастерлер гана эмес, качанкы мезгилдеги шайыр жанрдагы суперагенттик триллерлер да мыкты тренд болуп белгиленип келе жатат. Бирок чындыгында азыркы көрүнүшү боюнча  «супер-» деген кошумчасы, интригалар жана саспенстер байкалбайт. Агенттер гана калышты.

Мына ушул агенттер жөнүндөгү тасмалар акыркы жылдары пафостун чоң бөлүгүн, фантастикалык элементтерин жоготуп алышты. Алар күлкүлүү жанрга (Итан Хант салам), же кооз хореографияга жана дизайнга (Жеймс Бондго салам), же ностальгиялык тажрыйбага («Кингсмэнге» салам) өтүп кетишти.

Бүгүнкү күндүн реалдуулугуна ылайыкташууну күткөн Мэтт Деймон жана анын Жейсон Борн жөнүндөгү үчилтиги турган. Бир-эки жыл мурун спин-офф катары студия Жереми Реннер менен бирге төртүнчү бөлүктү тарткан, бирок жыйынтыгында эч кимге жаккан эмес. Азыр эми, Мэтт кайрадан франшизге келди, мына ушуга карап корутунду чыгарса да болот.   

Франшиз «Жейсон Борнду» кайра чыгаруу — бул долбоор көп убакыттык план экендиги. Борндун потенциалдуу блогбастерлердин катарына кайра келүүсү толук өз алдынча тасма эмес эле, экспозиция катары көрүнүп турат.   

jason-bourne-2016-matt-damon-riot1

Сюжеттин татаалданышы боюнча, өзүңөр талдап көргүлөчү, Жейсон Борнду тасманын биринчи жарымында жок кылгылары же кайра өткөн күнкү иштерге алып келгилери келишет. Тасманын калган бөлүгү көрүүчүгө сериалдын тааныш фишкалары, темирдей олуттуу жана көңүлдүү учуру жок, федералдык агенттердин кубаттуу жоо жарагын, диссиденттер менен системанын тирешүүсүн, жана албетте, автоунаа менен жетилген куушусун эскертет.

Эгер жаңы «Борндо» автоунаа менен куушу баары жайында болсо, калган пуктарда көптөгөн келишпестиктер келип чыгууда. Ал тургай, франшиз буга чейин интриганын чебери болуп келсе, «Идентификациядагы» жана «Борндун артыкчылыгындагы» бүркөлгөн каштуу жана катаал Мэтт Деймондун ордуна жылтылдак адам келди.     

Эми «Борн» кайдагы бир саясий дилеммалар, гениалдык сахналар жана күн тартибинде эмес, жардыруулар, атайын эффектер, укмуштуу нокауттар жана Лас-Вегастын булганган көчөлөрү тууралуу. Мейли тасманын үчтөн бир бөлүгү Грециядагы кризистен жапа чеккендер арасында болсун, каршы чыкакандар жана күйүп жаткан дөңгөлөктөр Борн үчүн декорация, анын ичинде полиция кызматкерлеринин буттарынын тебелениши дагы болушу мүмкүн.

Актёрдук курам абалды бир кыйла кооздоп турат — бул жерде Томми Ли Жонс, Венсан Кассель, өткөн жылы өзүнүн биринчи «Оскарын» алган Алисия Викандер. Байкалышынча ага бул тасманын кереги жок болгондой көрүнөт: анткени ал кереги жок жерлерде да ойноп жүрөт.

Jason Bourne (2016)

Бирок сюжетте баардык кеткен мисалдар кайрадан эле Борндун өзүнүн айланасында жүрөт. Ал кокусунан кайдагы бир өтуп кеткен боз тактарды билип калып, бир-көз ирмемден кийин бул тактар билине баштап, ал албетте өч алуу үчүн жөнөйт.   

Борндун бетиндеги бырыштар албетте азайган жок, ал бүркөлөн кабагы бойдон душмандарын талкалап жатат. Борн өз жашоосунда көп нерсени көргөндүктөн мындайга анчейин көңүл бурбайт. Ал төрт суперагенттик триллерден кийин кайрадан баштаган жагына кайтып, балакетке жана диссидентке айланат.

Анын чарчаганы көрүнүп турат. Андан тасмадан дагы укмуштуудай чаалыкканын сезсе болот. Бирок чыдап турууга келет, жакынкы аралыкта жаңы «Жейсон Борндун» уландылары чыга баштайт.

БЕРИЛГЕН БАА
«Жейсон Борн»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com
zhejson-born-zhyldar-t-p-sen-kartayasyЭми «Борн» кайдагы бир саясий дилеммалар, гениалдык сахналар жана күн тартибинде эмес, жардыруулар, атайын эффектер, укмуштуу нокауттар жана Лас-Вегастын булганган көчөлөрү тууралуу.