«Көчөнүн таануусу»: Жаштардын хип-хоп фестивалы канадай өттү

Жеңиш паркында көчө хип-хоп маданиятына арналган «Көчөнүн таанусу» фестивалы болуп өттү. Жашатар өз ара көчө хип-хобунун ар кайсы багыттары боюнча мелдешишти.

«Көчөнүн таанусу» хип-хоп фестивалы 11-сентябрда Жеңиш паркында болуп өттү. Парктын аймагында көчө хип-хоп маданиятынын баардык багыттарын камтыган мелдештин тогуз түрүнө арналып төрт аянтча уюшулган — дэнс, битбокс, рэп, BMX, ролик менен фрискейт жана көчө баскетболу.

Эстеликтин жанындагы башкы сахнада рэп жана битбокс мелдеши боюнча баттлдар өттү. Бий үчүн салгылашка алдын ала тандоодон өткөн сегиз команда «Dance Battle» аянтчасында күч сынашты.

Аянтчалардын биринде велосипедчилер менен роликчилер трамплинден секиришти. Мелдештердин тыныгуу арасында жөнөкөй велосипедчилер жана роликчилер өздөрүн секирүү боюнча сынап көрүштү.

Кошуна аянтча баскетбол үчүн даярдалган. Көчө баскетболунда үч кишиден турган командалар ойношту.

Фестивалда баттлдар оюн көргөзгөндөн кийин Бишкектин «Троеразных» рэп тобу, бийчи Жан Воинов жана орусиялык рэп аткаруучулар Fuze (KREC) жана Darom Dabro өнөр көрсөтүштү.

Фестивалдын уюштуруучуларынын бири жана «Троеазных» тобунун мүчөсү Лев Белов бул фестиваль төртүнчү жолу өтүп жататканын Kloop.kgге айтты.

«Мунун баары кичинекей клубда пайда болгон, биз рэперлерге аянтча бердик аларда мурун жок болчу. […] Анан мунун баары бул субмаданияттын кандайдыр бир үзгүлтүксүз чогулушуна алып келди. Биз үч кече уюштурдук, баары ийгиликтүү өттү. Баары ыраазы болушту. Бул жагдайдын өзү чоңураак нерсени сурагандай болду. Мына ушул фестиваль — дал ошол чоңураак нерсе», — деди ал.

Фестивалдын коногу Нурсултан Kloop.kgге айткандай, жаштар үчүн мындай иш-чараларды көбүрөөк өткөрүлүп турушу керек.  

«Мен өзүм рэп менен алектенем, бирок өтүнмө бергенге жетишпей калдым. Мен жөн эле курбума күйөрман катары келгем, ал бул жерде бийлейт», — деп айтты ал.

Велосипедчи Александр фестивалга трамплин үчүн келген.

«Мен бул жерге трамплинде ойногонго келдим — биздин шаарда мындай жок да», — деп айтты.

Видео: Марат Абдыкалыков, Арсений Мамашев, Азат Рузиев.