Бирге инженерлейбиз! Бир түн ичинде өз девайсыңды кура!

«Клооп» бардыгыңарды өзүнүн хакер-мейкиндигинин биринчи практикалык чогулушуна чакырат. Бир түн ичинде ар кандай өзгөчө буюм жана девайстарды жасап кураганды үйрөнөбүз.

Силер бир күн ичинде эң керектүү жөндөмдөрдү өздөштүрө аласыңар. Бир түн ичинде өз долбооруңарды түзүп, аны үйүңөргө ала кеткиле!

Биринчи чогулушту Googleдын мурдагы кызматкери, Кремний өрөөнүнүн бир орунда олтурбаган программисти жана Сан-Францискодогу хакер-мейкиндигинин туруктуу резиденти Скотти Аллен өткөрөт.

Скотти Аллен
Скотти Аллен

Качан?

Бейшемби, 15-сентябрда 18:30дан 22:00гө чейин — көпчүлүк долбоорлор 1,5-2 сааттын ичинде түзүлөт. Алдыда ар апта сайын ушул убакытта чогулууну пландап жатабыз. Ошондуктан биздин хакер-спэйстин биринчи резиденти болуп калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагыла.

Кайда өтөт?

Kloop Mediaнын кеңсесинде, Огонбаев көчөсү 222 (Гоголь менен кесилишет). Толук карта төмөндө:

Мунун баарын ким инженерлейт?

Сен! Клооптун хакер-спэйсинде ар кандай девайстарды жасап куроо кызыктуу болот деп ишендиребиз. Жөн эле келип кошул. Бизге канча жашта экениң же канчалык тажрыйбаңдын бар-жоктугу такыр маанилүү эмес.

Эгер схемаларды эч качан ширетпеген болсоң жана эмнеден баштоону билбей жатсаң, анда кичине акча ала кел (өз атыңа бейджик жана кызыктуу нерселер кеткен материалдар үчүн 250 сомдон 500 сомго чейин), чогуу инженерлейбиз.

Бир гана нерсе — бизде ширеткичтердин (паяльник) саны чектелүү (болгону 20 даана). Ошондуктан ким биринчи келсе, ошол ширеткичти алат 🙂 (Бирок, сиз албетте, өз ширеткичиңизди алып келсеңиз болот).

Ар бир катышуучуга жекече көңүл бурулуп, долбоорду бүтүрүү үчүн жетиштүү билим берилет. Эгер силердин тажрыйбаңар бар болсо, анда өз долбооруңардын үстүнөн кимдир бирөө менен иштеп, билимиңерди башкалар менен бөлүшсөңөр болот!

Бул канча турат?

Окутуу акысыз! Биз болгону куроого керектелген каражаттардын чыгымын төлөөңөрдү гана өтүнөбүз — алардын баасы 250дөн 500 сомго чейин.

Эмне алып барышым керек?

Эч нерсе алуунун кереги жок — ойноо, үйрөнүү, билген нерселериңерди башкалар менен бөлүшүү каалооңорду жана өзүңөрдү эле алып келгиле. Бизде керек болгон нерсенин баары бар. Бирок эгер кааласаңар, анда төмөнкүлөрдү алып алыңыз:

  • Шайманыңарды (мисалы, ширеткичти. Бизде алар бар, бирок саны чектелген);
  • Ардуино;
  • USB — Арудиноңуз үчүн серия ачкычы;
  • Макет платасы;
  • Эгер ноутбугуңарды алып келсеңер, анда микроконтроллерлерди программалоо үчүн тууралап беребиз;
  • Долбооруңар үчүн керектүү деталдар.

Кантип жазылса болот? (орус тилинде гана)

P.S. Ким бул постскриптумга чейин жеткен болсо, пикир билдирүү аркылуу «инженерлөө» сөзүнүн синонимин жазып койсун (анын аныктамасы ширетүү, девайс куроо, программалоо сөздөрүн камтышы керек).