Бихарчасынан ала качуу. Индияда турмуш куруу үчүн эркектерди ала качышат

Индиянын Бихар провинциясында турмуш куруу үчүн эркектерди зордуктоо жолу менен ала качышат. Ала качуунун негизги себеби - келиндин калың төлөй албастыгы же каалоонун жоктугу.

Индиядагы мындай көрүнүш «акадва шаади» деген атка конгон. Калың төлөөгө кудурети жетпеген үй-бүлөлөр күйөө «уурдап» бергендерге акы төлөшөт. Кээде потенциалдуу күйөөнүн артынан өздөрүнүн эле эркек туугандарын жиберишет.

Ала качуунун негизги себеби болуп келин тараптан бериле турган калыңдын көптүгү эсептелет. Анын өлчөмү 100дөн 400 миң рупийге чейин. Бул орто жашаган индиялык үчүн бүт өмүр иштесе да топтой албай турган сумма. Анын үстүнө калыңдын өлчөмү жыл сайын өсүп турат.

IndiaTodayдин билдиришинче, Бихар штатынын айылдарында үйлөнүүнүн 90 пайызы эркекти ала качуу менен түзүлөт.

Күйөө ала качуунун саны жыл санап өсүп жатат. Көпчүлүк эркектер аларды үйлөнүүгө мажбурлаганы тууралуу айта алышчу эмес. Себеби ала качкандан кийин кетип калган эркектерди келиндин үй-бүлөсү өлтүрүп койгон учурлар кездешкен.

BiharTimes полициянын айтканына таянып, 2015-жылда катталган 7127 ала качуунун 42 пайызы зордуктоо жолу менен турмуш куруу максатында болгондугун жазат.

Ок астындагы турмуш куруу

101India телеканалы Бихардагы күйөө ала качуу боюнча сюжет даярдады. Ала качып кеткендердин арасында Раджив Кумар да болгон. Аны үйлөнүүгө кантип мажбурлашканы жөнүндө айтып берди.

Раджив үйүнө баратканда артынан минивен үлгүсүндөгү машина аңдып келатканын байкаган. Бир канча эркектер үйгө алып келишип, тапанча менен коркутуп, жаш аялга үйлөнүүгө мажбурлашкан.

Эртеси күнү ага үй-бүлөсүнө чалууга уруксат беришкен. Көп өтпөй полиция келип, нике бузулган.

Стресс болгондугуна карабай, Раджив журналисттерге кызды күнөлүү деп эсептебей тургандыгын айткан: «Анын калыңы жок болчу. Бирок кыздар эркектин урматы бар экендигин унутпашы керек. Уруп-сабоодон улам үйлөнгөн аял менен бир өмүр кантип жашоого болсун».

Басым астындагы келин

Анита Сингх — туугандары ала качып берген жигитке турмушка чыккан.

Акадва шаади тууралуу анын атасы чечим кабыл алган, бирок бардык кыйынчылыктар Анитанын башына түштү. Жаңы үй-бүлө аны кабыл алган жок, бир канча убакытка чейин жалгызсырап жашады.  

Турмуш жолдошу төрт жыл бою Анита менен сүйлөшпөй койгондуктан, депрессияга кабылды. «Өз тагдырыма таарынып ыйлагандан башка эч нерсе колумдан келбеди», — деди Анита.

Он жыл аралыгында Анита күйөөсү менен мамилени оңдогонго аракет кылды. Азыр баары жакшы. Анита күйөөсү жана анын үй-бүлөсүнүн мамилесине ыраазы.

Күйөө калууга макул

«Аль-Жазира» 2014-жылы Бихардагы күйөө ала качуу боюнча даярдалган материалды көрсөттү. Репортажда тартылган башкы каарман Брахманад Джа аялын бир көргөндө сүйүп калганын айтат. Алар 20 жылдан ашык убактан бери бирге өмүр сүрүп келатышат.

Брахман Джа жана аялы Мунни Дэвинин беш баласы бар. Бирок акаадва шаади терс көрүнүш катары бааланат, ар ким өз тандоосун өзү гана аткаруусуна мүмкүндүк берүү керек дешет.

Ала качуунун курмандыгы — балдар

13 жаштагы Раджеш 2010-жылы кезектеги ала качуунун курмандыгы болду. Ал сүт алганы чыккан эле. Аны уурдап кетишип, он жаштагы Патнага үйлөндүрүп коюшкан. Раджештин атасы башында каршы болуп, кийин макулдугун берген.

16 жаштагы Прасаданы 13 жаштагы кызга үйлөнүүгө мажбурлашкан. Жардамга келгени үчүн анын жакын досуну өлтүрүп коюшкан. Полиция Прасаданы куткарганча нике шарттары аткарылып коюлган болчу. Келиндин апасы камакка алынса, калган туугандары белгисиз тарапка качып жок болушкан.