Kloob: Бишкекте «Жагымсыз Койот» барынын ачылышы

Бишкекте «Жагымсыз Койот» клубу ачылды. Бул дүйнөлүк бар тармагынын бөлүгү жана ал туурасында ысымдаш тасма тартылган. Kloob программасы кандай өткөнүн айтып жана көрсөтүп берет.

«Жагымсыз Койот» клубунун ачылышы Бишкекте 14-сентябрда өттү. Мекеме — дүйнөлүк франшизанын ысымдаш клубдарынын бир бөлүгү.

«Coyote Ugly» (Жагымсыз Койот) клуб тармагынын негиздөөчүсү Лилиана Ливелл бар жайгашкан жерде тынбай бийлеп туруусу үчүн «койот кыздардын» арасында ачылышка чейин кастинг өткөрдү. Айтымында, жаңы кызматкерлерди аны менен чогуу Нью-Йорктон келген «койот кыздар» окутуп үйрөтүшмөкчү.

«Силерде кыздардын мындай этникалык ар түрдүүлүгү бар экен, анан баары сулуу экен, ошондуктан мага алар менен иштөө жагымдуу болду. Албетте, "койот кыздардын" эң негизги жумушу — бийлөө, бирок муну менен бирге аларга бат жана сапаттуу барды башкарууну үйрөтүү керек», — деди ал.

Клубдун жетекчилигинин айтымында, кыздар бул жерде каалаганын кыла алышат. Мисалы бар стойкасына чыгып бийлей алышат.

Бишкектеги «Жагымсыз Койот» клубу дүйнөдө 22-болуп калды. Мекеме бир эле АКШда эмес, Германия, Улуу Британия, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдө ачылган. Кыргызстан — бул клубдун франшизасын алган Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө.

2000-жылдын августунда «"Жагымсыз Койот" бары» тасмасынын премьерасы болгон. Кино атасын жана үйүн таштап Нью-Йоркко кыялдарын орундатканы кеткен ырчы Вайолетт Гудмен тууралуу баяндайт. Ал жергиликтүү «Жагымсыз Койот» клубунун барвумендердин тобуна кезигип калып, ошол жерге бийчи болуп ишке орношот.

Видео: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналиев