U-16 футболу боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстан Австралияны жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүн Австралиянын командасын жеңүү менен баштады.

Кыргызстандыктар 1:0 эсебинде утту.

Биринчи таймда чабуул жасоого аракет кылышкан жок, ошондуктан алгачкы 45 мүнөттүк эсеп нөл бойдон калды.

Кыргыз курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Бөрүбаевди 76-мүнөттө түртө салып, бутуна тээп жыгытышты. Калыс 11 метрлик белги көрсөттү.

Адилет Каныбеков пенальтиден тээп, кыргыз курамасын алдыга сүрөп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү. Адилет жаракат алган чабуулчу Эмир Шигайбаевдин ордуна чыгып, оюн талаасында эки мүнөт ойногондон кийин гол киргизген.

Калган убакытта кыргызстандыктар эсепти жеңиш менен кармап турушту.

Гол киргизген Каныбеков «Абдыш-Атада» машыккан, 13 жаш курагында Түркиянын «Бешикташына» өтүп кеткен.

Самат Суймалиев басма сөз жыйынында
Самат Суймалиев басма сөз жыйынында

«Матч биз күткөндөй эле аябай оор болду. Австралиянын курамасы — өтө күчтүү команда, аларды жеңүү үчүн аракет кылууга туура келди», — деп белгиледи Кыргызстан курамасынын машыктыруучусу Самат Суймалиев беттештен кийинки басма сөз жыйынында.

Кыргызстандыктардын «B» тайпасындагы атаандаштары Австралиядан сырткары Жапония менен Вьетнам болгон. Алар да бүгүн үч упай үчүн күч сынашмакчы.

Бул Кыргызстандын курамасынын континенталдык турнирде, өспүрүмдөр категориясында болсо да, катышып жаткан алгачкы учуру.

Сүрөт: www.the-afc.com