Кыргызстандык жаа аткыч кыз дүйнөлүк Redditтеги күлкүлүү сүрөттөрдүн каарманы болду

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы Кыргызстандык буту менен жаа аткан кыз күлкүлүү сүрөттөрдүн каарманына айланды.

Кыргызстандык буту менен жаа аткан Чынара Мадимкулова Reddit колдонуучуларынын арасында популярдуулукка жетти.

Reddit — анын колдонуучулары дүйнөдөгү эң кызыктуу сүрөт, видео жана статьяларды жыйнаган чоң онлайн-форум саналат.

Сайттын колдонуучулары жаа аткан кыздын «күлкүлүү сүрөттөрүн» жасоо боюнча жарышышкан жана бул сүрөт сайттын башкы бетине чыккан.

Сайт колдонуулары тарабынан бийик рейтингге жеткен гана сүрөттөр башкы бетке чыгат.

16 жаштагы Чынаранын сүрөтү «күлкүлүү сүрөттөрдүн» жарышы жүрө турган PsBattle бөлүмүндө жарыяланган.

Колдонуучулардын көпчүлүгү Чынараны голливуд блокбастери, атайын агент же суперкаарман сыяктуу сүрөттөшкөн.

Автор: akaihelix

Автор: kickerofbottoms

Автор: WetCoastLife

Автор: McCoco99

Автор: bearposters

Автор: doitforjohnny

Автор: Mal3ficent

Автор: frings_demise

Буту менен жаа аткан Кыргызстандык кыз колдонуучулардын сүйгөн каармандарынын образын толуктаган.

Автор: myphotoshopaccount

Автор: arczip

Аны олимпиадалык оюндарга жиберүүнү сунушташкан.

Автор: jnoble50

Космоско

Автор: methane234

Starbucksта иштөөгө

Автор: aaron_lane

Redditтин белгилүүлүгүн түшүндүрүү татаал — сайт онлайн-форум форматындагы социалдык аянтча. Муну менен кошо  Reddit жаңы технологияларга баш ийбейт жана бүгүнкү күнгө чейин өзгөрбөй келет.

Колдонуучулардын иш алып баруусу ар түрдүү — негизделген жылдан тарта дүйнө бойлой материал чогултуп гана тим болбостон, лайфхактарды жана күлкүлүү сүрөттөрдү жасашып, киттерге ысым беришип, кайрымдуулукка каражат чогултуу менен да алектенишкен.

Сайт 2005-жылы Стив Хофман жана Алексис Оганян тарабынан негизделген. Авторлор университетти аяктаган кийин дароо сайтты түзүү менен шугулданышкан. Бир жылдан соң, сайт GQ, Vogue, AD (Architectural Digest) сыяктуу басылмаларды басып чыгарган Condé Nast басмаканасынын карамагына өткөн. Бирок учурда Redditти бул басмакана көзөмөлдөбөйт.

Чынара Мадимкулованын оригинал сүрөтүн ТАСС агенттигинин сүрөтчүсү Виктор Драчев тарткан. Анын репортажынан соң сүрөт бүт дүйнөгө тараган.

Виктор Драчевдин сүрөтү — интернетте таралган Чынара Мадимкулованын катышуусундагы жалгыз сүрөт эмес. Чынара — цирк артисти, Дельфий оюндардын медалынын ээси. 2014-жылы украиналык таланттар сынагына катышкан. Чынаранын трюгу 2001-жылы цирк оюнчусу Аида Акматованын аткаруусунда Гиннес китебине кирген. Аида Акматова травма алгандан кийин өзүнүн мыкты трюгун Чынара Мадимкуловага өткөрүп берген. 2016-жылы «Румыния таланттарды издейт» деп аталган румын сынагында Чынара дал ушул трюк менен жарым финалга чейин жеткен.