Нью-Йорктогу мода жумалыгы: Хижаб — жаңы тренд

Models walk the runway at the Anniesa Hasibuan during New York Fashion Week: The Shows at The Dock, Skylight at Moynihan Station on September 12, 2016 in New York City.

Индонезиялык дизайнер Нью-Йорк мода жумалыгында биринчилерден болуп хижаб коллекциясын көрсөттү. Анниса Хасибиандын D’Jakarta жаз-жай 2016 коллекциясы 38 күнүмдүк жана 10 кечки кийимден турат.

Ар бир кийим хижаб жана абая көйнөгүнөн — жеңдери узун араб көйнөктөрү же ачык түстөгү кең шымдардан турат. Кийимдер алтын түстүү токулгалар жана кристаллдар менен аябай жасалгаланган.

Muslim Girl мода журналынын байкоочусу Маха Сиеда Анниса Хасибиандын коллекциясы тууралуу оң пикирин жазган.

«Индонезиялык дизайнер батыш мода дүйнөсү менен өз өлкөсүнүн маданиятың эң сонун айкалыштырган. Ал мода менен жөнөкөйлүүлүктүн гармониясын жараткан, анткени алар эки башка болуп ажырап калбашы керек», — деп жазган ал өз макаласында.

Анниса Хасибиан — Нью-Йорк мода жумалыгында өз коллекциясын көрсөтө алган алгачкы индонезиялык дизайнер. Ал моделдерди жаратууда өзүнүн кийим дүкөнү жайгашкан шаары Жакартадан эргүү алган.

Мода көрсөтүүсүндө Haute Hijabдын аткаруучу директору Мелани Элтурк катышкан. Haute Hijab — хижаб саткан америкалык бренд.

«Мода — заманбап жашоодо маданий алмашуулар үчүн дагы бир платформа, хижабды Американын кадыресе кийимине айландыруунун жолу жана бул жол менен стереотиптерди жана туура эмес көз караштарды жоюу», — деп жазган Элтурк өзүнүн инстаграмында.

Дефиледен кийин көрүүчүлөр дизайнерге ордунан туруп кол чабышкан. Өткөн жылы жазда болсо бул коллекциясын Хасибиан Стамбулдагы мода жумалыгында көрсөткөн болчу.

Батыштагы дизайнерлер да мусулман стилиндеги кийимдерди тигип келишет. Италиялык мода үйү Dolce&Gabbana 2016-жылдын январында «Абая» мусулмандар көйнөгүнүн коллекциясын чыгарган. А 2015-жылы H&M дүйнөлүк кийим ритейлери өзүнүн жарнамалык кампаниясына хижаб кийиген моделди кошкон.

«Томсон Рейтер» эл аралык медиакомпаниянын отчётуна ылайык, 2013-жылы мусулман кардарлар кийим жана аксессуарларга 266 миллиард доллар коротушкан. Отчётто көрсөтүлгөндөй, 2019-жылга чейин бул сумма 484 миллиардга жетмекчи.

Нью-Йорктогу акыркы мода жумалыгы 8инен 14-сентябрга чейин өттү. Шоуго 125 көрүүчү келген, андан сырткары дагы эки миллиондой эл көрсөтүүнүн онлайн трансляциясына күбө болушкан.

Нью-Йорк, Лондон, Париж жана Миландагы мода жумалыгы — мода дүйнөсүндөгү башкы окуялардан. Жумалыктар жылына эки жолудан өткөрүлөт.