«Фергана»: Кыргызстандын атайын кызматтары Отунбаевага карата «компромат издешүүдө»

????????????????????????????????????

«Фергана» басылмасы билдиргендей, УКМКнын чоң мансаптагы кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугунан экс-президент Роза Отунбаевага жана Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө каршы «компроматтуу көрсөтмөлөрдү» берүүсүн сурашкан.

19-сентябрь күнү Кыргызстандын атайын кызматтары Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө каршы өлкө ичинде ошондой эле Өзбекстанда да «компромат» издеп жатат. Бул тууралуу «Фергана» «өздүк булактарына» таянып жазып чыкты.

Басылманын маалыматында, УКМКнын (Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы) кызматкерлери, «этникалык өзбек аксакал» Бөрүбай Жураев менен сентябрь айынын башында Ташкентке барышып, «экстремизм жана сепаратизмде айыпталган Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун лидерлери» менен жолугушкан.

«Мейман болуп барган кыргыздар өзбек коомунун активисттерине Роза Отунбаевага жана 2010-жылы аппарат башчысы болуп турган Эдиль Байсаловго каршы компромат менен чыгасыңар деп айтышкан», — деп жазат «Фергана».

Басылманын булагынын айтымында, өзбек коомунун өкүлдөрү «2010-жылдын июнь айында Роза Отунбаеванын көрсөтмөсү менен улуттар аралык тополоңду уюштурганбыз» деген видеокайрылуу жасашы керек эле.

УКМКнын сунуштаган келишимине өзбек коому макул болдубу-жокпу белгисиз деп жазат «Фергана».

«Атамбаевдин өч алуусу»

«Фергананын» версиясы боюнча, УКМКнын аракеттери — Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүүгө каршы турган саясатчылардан өч алуусун билдирет.

Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча реформа жарыяланганда эле Роза Отунбаева менен Эдиль Байсалов дароо каршы чыгышкан.

«Фергананын» маалыматтарынын чын-төгүнүн текшерип чыгууга азыр мүмкүн эмес, себеби басылма анонимдүү маалымат булагына таянуу менен жазууда.  

Бирок, басылма Өзбекстандагы анонимдүү маалымат булагы ишенимдүү экендигин көп ирет тастыктап айтат. Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун оорусу жана өлүмү тууралуу да башка ЖМК жана мамлекеттик кызматтар үн катпай турганда, дал ушул басылма биринчилерден болуп жазып чыккан.

«Фергананын» материалына кыргыз атайын кызматтары кандай жооп бергени тууралуу азырынча маалымат жок.

Отунбаеванын убагында аппарат башчысы болуп Эдиль Байсалов «Фергананын» материалын окугандан соң, өзүнүн твиттер-аккаунтунда Николай Некрасовдун поэмасынан үзүндү жазып койду — «мындан да татаал заман болгон, бирок мыкаачылык болбоду».

Анын пикиринде, УКМК «эч нерседен тайбайт». Байсалов «мыйзамга жана абийирине каршы келүүчү» аракет жасабаганын жана Кыргызстандан кетпесин айткан.      

«Бийлик укмуштуудай провокация жана жалгандарды айтып чыгышы мүмкүн. Адамдар болбогон бекер сөздөргө ишенет деп ойлоп жатышат», — деп жазат ал.  

Роза Отунбаева бул боюнча комментарий бере элек.

Конституция реформасы боюнча талаштар

Отунбаева жана Байсалов — Атамбаевдин Конституцияны өзгөртөм дегенин сындап чыккан жалгыз адамдар эмес.

Алардын пикиринде, президент тарабынан демилгеленип жаткан өзгөртүү парламентти көзөмөлдөн чыгарып, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын болуп көрбөгөндөй күчтөнтөт.

Тема боюнча: Атамбаев сүйлөп жатканда Отунбаева аянттан кетип калды

Критиктер мындан сырткары, жаңы конституция сот бийлигинин да ыйгарым укуктарын чектейт деп билдиришүүдө.

Атамбаев жана анын тарапташтары, тескерисинче, жаңы конституция бийликти узурпация кылуудан сактайт деп айтууда.

Атамбаевге каршы турган эң беделдүү фигура катары парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев болду. Андан сырткары, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн курамында иштеп тургандар да бар.  

Сындап чыккандарга жооп катары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн жардамы менен Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүргөн Кадыржан Батыровдун иши боюнча тергөө башталган. Ал Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр-чатакты уюштурган деп «сепаратизмге» айыпталган.