Атамбаев «жүрөк оорусуна» байланыштуу эс алууга чыкты

Президент Алмазбек Атамбаев «жүрөк оорусуна» байланыштуу кыска мөөнөттүү өргүүгө чыкты. БУУнун  Башкы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барбай калгандан соң, ал түрк ооруканаларынын бирине токтогон.

Атамбаевдин «жүрөк оорусуна» байланыштуу чыккан эмгек өргүүсү 1-октябрга чейин уланышы мүмкүн деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов Kloop.kgге билдиргендей, Атамбаев «жүрөк оорусунан» улам, Нью-Йоркко бара албай калган.

«Кечээ Алмазбек Шаршенович Нью-Йоркко учуп бараткан, ал жакта президент беш күн болуп, сөз сүйлөмөк. Жүрөгү ооруп калгандыгына байланыштуу сапарын уланта албай калды. Президенттин Кыргызстанга качан келиши тууралуу азырынча маалымат бере албайбыз», — деди ал.

Алмаз Усенов Атамбаев азыр түрк ооруканаларынын биринде экендигин айтты.

Бишкектен Нью-Йоркко учуп баратканда президенттин жүрөгү ооруп калган. Анын учагы Стамбулга конуп, президентке медициналык жардам көрсөтүлгөн.  

Дарыгерлер Атамбаевге «жүрөк оорусунун симптомдору» аныкталганын айтышып, жакшылап дарылануу керектигин айтышкан.     

Атамбаевдин ордуна БУУда Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп жатат.

Бул Атамбаевдин БУУга болгон алгачкы иш сапары эле.

Нью-Йоркто Атамбаев БУУнун Баш секретары Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен жолугушуусу керек эле.