«Эмми-2016»: «Ордолор оюну» сыйлык алуу боюнча рекорд койду

«Ордолор оюнунун» (Game of Thrones) алтынчы сезону «Эмми» сыйлыгында 38 сыйлык алуу менен тарыхый рекорд койду. Бул категорияда «Америкадагы кылмыш тарыхы» сериалы да алдыңкы сапка илинди.

Лос-Анджелесте «Эмми» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда 2015-жылдын 1-июнунан 2016-жылдын 31-май айы аралыгында тартылган фильмдер көрсөтүлдү. Дал ушул себеп менен жарышта «Бир күнү түнкүсүн» (The Night Of) жана «Таң калыштуу нерселер» (Stranger Things) сериалдары катыша албай калды.

Салтка айлангандай, салтанатка чейин эле фильмдерге техникалык баалар (атайын эффекттер, үн берүү жана башкалар) берилген жана ошол убакта эле «Ордолор оюну» алдыга озуп чыккан. Салтанатта болсо, негизги «Мыкты драмалык сериал» наамын алып, 38 сыйлыкка ээ болду. Бул «Эмми» үчүн рекорддук көрсөткүч, себеби, бир да сериал бир эле жолкуда мынчалык көп сыйлык алган эмес.

Ошондой болсо да, «Ордолор оюну» «Эммиде» актёрдук чеберчилик боюнча ат салыша алган жок.

Рами Малек «Робот мырза» сериалында
Рами Малек «Робот мырза» сериалында

Күтүлгөндөй эле, «Робот мырза» (Mr. Robot) сериалынын биринчи сезонундагы Рами Малек Эллиот ролу менен мыкты актёр наамын жеңди. Ал сахнадан туруп, Эллиотко катаал мамиле кылбоо керектигин эскертип, ар бирибизде андагы мүнөздөр бар экендигин кеңеш берип өттү.

Мыкты актриса наамын күтүлбөгөн жерден «Караңгы перзент» (Orphan Black) хоррор-сериалынан Татьяна Маслани жеңип алды. Актриса «Карта үйүндөгү» (House of Cards) Робин Райтты жана «Америкалыктар» (The Americans) сериалындагы Кери Расселлди артта калтырды.

Жордж Мартиндин китептери мыкты деңгээлде экрандаштырылган болсо, мини-сериалдардын арасында «Америкалык кылмыш тарыхы» (American Crime Story) лидерликке чыкты. Бул FX каналынын сериал-антологиясы болуп, биринчи сезонунда О Жей Симпсонго каршы жүргөн эл кыймылы тууралуу баяндалат.

Сара Полсон менен Кортни Би Вэнс «Америкалык кылмыш тарыхында»
Сара Полсон менен Кортни Би Вэнс «Америкалык кылмыш тарыхында»

«Америкалык кылмыш тарыхы» сериалынын биринчи сезону 18 статуэтка алды: «Мыкты мини-сериал», «Мини-сериалдагы мыкты актёр», «Мини-сериалдагы мыкты актриса» жана «Мини-сериалдагы мыкты сценарий».

«Мыкты комедия сериалы» жана «Мыкты комедия актрисасы» наамына «Вице-президент» (Veep) экинчи жолу татыктуу болууда. Amazon стриминг сервисинин сүймөнчүгү болгон «Талашсыз» (Transparent) фильми мыкты эркектин ролу жана режиссурасы үчүн сыйланышты.

«Шерлоктун» (Sherlock) британиялык эпизоду да көңүл сыртында калган жок. Бул фильм өз категориясында «Лютер» (Luther) фильмин озуп өтүп, «Мыкты телевизиондук фильм» наамын утуп алды.

Жулия Луи-Дрейфус «Вице-президент» сериалында
Жулия Луи-Дрейфус «Вице-президент» сериалында

Төмөндө 2016-жылдагы «Эмми» сыйлыгын утуп алгандар тизмеси:

Мыкты драмалык сериал: «Ордолор оюну»
Драмалык сериалдагы мыкты актёр: Рами Малек, «Робот мырза»
Драмалык сериалдагы мыкты актриса: Татьяна Маслани, «Караңгы перзент»
Драмалык сериалдагы экинчи пландагы мыкты актёр: Бен Мендельсон, «Санжыра» (Bloodline)
Драмалык сериалдагы экинчи пландагы актриса: Мегги Смит, «Даунтаун аббаттыгы» (Downtown Abbey)
Драмалык сериалдагы мыкты сценарий: «Ордолор оюну»
Драмалык сериалдагы мыкты режиссура: «Ордолор оюну»

Мыкты комедиялык сериал: «Вице-президент»
Комедиялык сериалдагы мыкты актёр: Жеффри Тэмбор, «Талашсыз»
Комедиялык сериалдагы мыкты актриса: Жулия Луи-Дрейфус, «Вице-президент»
Комедиялык сериалдагы экинчи пландагы мыкты актёр: Луи Андерсон, «Баскетс» (Baskets)
Комедиялык сериалдагы экинчи пландагы мыкты актриса: Кэйт МакКинон, SNL
Комедиялык сериалдагы мыкты сценарий: «Төгөрөгү төп келген чебер» (Master of None)
Комедиялык сериалдагы мыкты режиссёр: «Талашсыз»

Мыкты телевизиондук фильм: «Шерлок: Тартипсиз келин» (Sherlock: The Abominable Bride)

Мыкты мини-сериал: «Америкалык кылмыш тарыхы»
Мини-сериалдагы мыкты актёр: Кортни Би Кэнс, «Америкалык кылмыш тарыхы»
Мини-сериалдагы мыкты актриса: Сара Полсон, «Америкалык кылмыш тарыхы»
Мини-сериалдагы экинчи пландагы мыкты актёр: Стерлинг Кей Браун, «Америкалык кылмыш тарыхы»
Мини-сериалдагы экинчи пландагы мыкты актриса: Регина Кинг, «Америкалык кылмыш» (American Crime)
Мини-сериалдагы мыкты сценарий: «Америкалык кылмыш тарыхы»
Мини-сериалдагы мыкты режиссёр: «Түнкү менеджер» (The Night Manager)