Олимпиадалык «колодон» кол жууган Иззат Артыковго үй берилди

Оор атлетчи Иззат Артыков олимпиада комитетинин башчысынан батир сатып алуу үчүн 5 миллион сомдук сертификат алды. Риодо болуп өткөн Олимпиадада спортчу «коло» жеңип келген эле, бирок допинг колдонгондугу үчүн медалдан ажырап калган.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов өзүнүн каражатынан Артыковго байге тапшырды — оор атлетчи Көк-Жар жаңы конушунан эки бөлмөлүү батирлүү болду.

«Батир жөнүндө тапшыруу аземинде билдим. Абдан кубандым. Бишкекте өз үйүм жок болгондуктан, ижарада турам», — деп билдирген «Спутник» маалымат агенттигине Артыков.

Мындан сырткары, эки жыл аралыгында Иззат Артыков коло медаль үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү стипендияны ар ай сайын 45 миң сомдон алып турмай болду.

Риодогу Олимпиадалык оюндарда Иззат Артыков коло медаль жеңип келген. Бирок, допинг колдонду деген жүйөө менен анын жеңиши жокко чыгарылган. Оор атлетчинин канында булчуңду кызытуучу стрихнин заты табылган.

Бирок, Кыргызстандын олимпиада комитети жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Спорттук арбитраждык соттун чечими менен макул эмес. Учурда алар Артыковдун медалын кайтарып алуунун аракетин көрүп, документтерди даярдап жатышат.

Жакында эле, 11-сентябрда, спортчу ата болду. Жубайы Айгерим экөө Раяна аттуу кыздуу болушкан.