Парламент комитети Батыровдун ЕККУдагы сөзүнө баасын берет

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын демилгеси менен 22-сентябрда профилдик комитет Кыргызстанда сыртынан соттолгон Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүнө «саясий баасын» берет.

Кыргызстанда сыртынан соттолгон, улуттар аралык араздашууну козуткан жана сепаратизмге айыпталган Кадыржан Батыровдун 20-сентябрда ЕККУнун Варшавада адамдык ченемдер боюнча жыйынында айткан сөзүнө коргонуу, коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитет «саясий баасын» берет.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева 22-сентябрь күнү Кадыржан Батыровго сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берген ЕККУнун Бюросуна нараазычылыгын билдирди.

«Кечээги болуп өткөн окуяга байланыштуу Жогорку Кеңеш бүгүндөн калбай өз баасын бериши керек», — деген талапты парламенттин жыйынында койду.   

Алтыбаева эл аралык издөөдө жүргөн «сепаратисттерге» эл аралык аянтты пайдаланып, өзүн укук коргоочу катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнү жок жорук экенин айтты.  

ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп жатып, Батыров Кыргызстандын бийлигин сынга алган. Ал Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарга карата басым жасоодо анын аты колдонулуп жаткандыгын билдирген.

«[Президент] борбордук аянттагы салтанатта Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн ачык сынга алды. Аларды мени Кыргызстандан качып кетүүмө жардам берди деп айтты. Бул боюнча алар дагы жоопко тартылышы керекпи?», — деди ал.

Өз кезегинде, 21-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ЕККУнун HDIM жыйынында Батыровго сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергендигине нараазычылыгын айтты.

ЕККУ азырынча кыргыз бийлигинин сынына жооп кайтара элек.

Батыров — Жалал-Абаддык жеке ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун лидерлеринин бири. 2010-жылы Кыргызстан бийлиги аны түштүктөгү кыргыз жана өзбектерди чыр-чатакка үндөгөн деп айыптаган. Ошол эле жылы ал Кыргызстандан качып кетип, Швециядан баш паанек тапкан. Ал эл аралык издөөгө алынган.  

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы болгон Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт берип, качып кетүүсүнө көмөктөшкөн деп айыптаган.

Бул маселе боюнча, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тергөө иштерин да баштаган, ал эми оппозициянын саясатчылары Батыровдун иши Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарга карата кысым деп гана түшүнөөрүн айтышкан.