Атай Өмүрзаковдун тарбиялануучулары Словакиядагы таланттар сынагында финалга чыгышты

Атай Өмүрзаков продюсерлик кылган «Адем» бий тобу  «Česko Slovensko má talent» («Чехия жана Словакияда таланттар бар») сынагында финалга чыгышты.  

«Адем» бий тобу калыстар тобунун «Golden Buzzer» байгесин жеңип алды. Бул Братиславда өтүп жаткан «Чехия жана Словакияда таланттар бар» сынагынын финалына өтүүгө негиз болду.

Бий тобу «Мортал Комбат» видео оюнунун негизинде номер даярдаган — сахнага оюндун каармандары: Райден, Саб-Зиро, Скорпион, Смоук чыкты. Топтун даярдаган номери эки мүнөткө созулду.

Атай Өмүрзаковдун жана анын тарбиялануучуларынын аткаруусундагы бий өзүнүн пластикасы жана өзгөчө кыймылдары менен айырмаланды.

Өмүрзаковдун Kloop.kgге берген интервьюсунда билдиргендей, сынактын калыстары бийчилердин аткаруусуна абдан таң калышкан.

«Калыстар тобу абдан таң калышты. Алар бул сыяктуу бийди эч качан көрбөгөнүн айтышып, мындай кыймылды жасоо мүмкүн эместигин да белгилешти», — деди бийчи.

Анын айтуусунда, номерди даярдоого топтун мүчөлөрү аз эле убакыт коротушкан.

«Бул номерди даярдоого көп убакыт кеткен жок. Себеби, биз аны белгилүү видео оюн Мортал Комбаттын негизинде даярдадык», — деди Өмүрзаков.  

АЗыр Өмүрзаков жана анын тарбиялануучулары ноябрь айында боло турган финалга даярдык көрүшүүдө.

Өмүрзаков 2011-жылы бул сынактын жеңүүчүсү аталган. Биринчи орунду онлайн-добуш берген телекөрүүчүлөр камсыздап беришкен. Байге катары жаш бийчи 100 миң евро алган болчу.

Бийчинин тарбиялануучулары да көптөгөн сынактарга катышышкан.

Ал эми 2016-жылдын январь айында Өмүрзаков жана «Тумар» тобу Францияда өткөн «Du Cirque de demain» эл аралык сынагында коло медаль тагынышкан.

Май айында болсо, «Тумар КР» бийчилер тобу «Britain’s Got Talent 2016» («Британия таланттарды издейт») сынагында жарым финалга чейин жеткен. Сынактын катышуучулары жарым финалда онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы менен финалга чыгышат, бирок Кыргызстандын бийчилери мындай мүмкүнчүлүк ала алышкан эмес.