КМШ өлкөлөрүнүн Конституциялары кантип өзгөрүп отурган?

Кыргызстанда ушул жылдын күз айларында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болушу мүмкүн. Өзгөртүүлөрдү парламент демилгелеп, президент аппараты иштеп чыккан. Бул Кыргызстандагы Баш мыйзамдын биринчи өзгөртүлүшү эмес. КМШ өлкөлөрүндө Конституциялар кантип өзгөрүп отурган жана жыйынтыктары кандай болгон?

Президент Алмазбек Атамбаев дарыланып жаткан учурда Конституцияга карата өзгөртүүлөр менен таанышып чыгып, аны колдоп берди. Президенттин айтуусунда, Акаев жана Бакиевдин учурунда, бийликти узурпациялоо жана жеке үй-бүлөнүн колуна алуу үчүн гана Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми Атамбаев анын мындай максаты жок экендигин айткан.

Азербайджан

Президент Ильхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен. Сүрөт: Panama Papers

Азербайжанда Конституцияга карата референдум ушул жылдын 26-сентябрында өтөт.  

Бул өзгөртүүлөр кабыл алынган соң, президенттин кызмат мөөнөтү узартылып, парламентти таратып жиберүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мамлекет башчысы парламентте кезексиз шайлоо өткөрүү укугуна да ээ болот.

Андан сырткары, өлкөдө жаңы кызматтар ишке кирет: вице-президент жана биринчи вице-президент.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы Азербайжандын оппозициясы 17-сентябрда митинг кылган. Бул уруксат берилген иш-чара болсо да, полиция ондогон адамдарды кармап кеткен. Кармалгандардын арасында жеринде иштеп жаткан журналисттер дагы бар.

Бул Азербайжандагы алгачкы референдум эмес. 2009-жылы Конституцияга бир адам президенттик кызматка бир канча жолу шайлана алат деген берене киргизилген. Бул 2002-жылы Конституциядагы өзгөрүүлөр Ильхам Алиевдин премьер-министр болуп шайланышына жол ачып берген. Ал учурда анын атасы Гайдар президенттик кызматка келген.

Ильхам Алиев 2003-жылдан бери Азербайжандын президенти болуп иштеп келатат.

Тажикстан

Президент Эмомали Рахмон. Сүрөт: RTVI

Конституцияга акыркы жолу 2016-жылы өзгөртүүлөр киргизилген. Өзгөртүүлөр азыркы президент Эмомали Рахмонго чексиз шайлануу укугун берип, президент үчүн жаш чектөөсү 30 жылга чейин түшүрүлдү. Журналисттердин пикиринде, 2020-жылы президенттин уулу Рустам Эмомалинин президенттикке ат салышуусуна мүмкүнчүлүк түзүүдо.

Тажикстандын жалгыз оппозициялык партиясынын лидери Рахматилло Зоиров, акыркы референдум учурдагы президенттин гана каалоосун ишке ашырды деп айтууда. Ошону менен бирге, ал Конституциядагы көпчүлүк беренелер кайрадан иштелип чыгуусу керек дейт. Бирок, Тажикстан президенти өзүнө гана ылайыктап өзгөртүүдө.

Конституциядагы 2003-жылдагы өзгөртүүлөрү президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартып, 1999-жылы эки палаталуу парламент түзүлгөн.

Тажикстандын Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган.

Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери Тажикстандын президенти кызматын аркалап келет.  

Түркменстан

Президент Гурбангулы Бердымухамедов. Сүрөт: www.nn.by

Акыркы жолу Конституцияга өзгөртүүлөр 2016-жылы киргизилди. Алар президент үчүн жаңы жаш чектөөнү кабыл алышты — 70 жашка чейин. Эми бул өлкөдө президент 7 жылга шайланат.

Түркменстандын Конституциясы 1992-жылы кабыл алынган, өзгөртүүлөр 1995, 1999, 2003, 2006, 2008 жана 2016-жылдары болгон.

Армения

Президент Серж Саргсян. Сүрөт: novostnik.ru

Эгемендүүлүк алгандан бери, өлкөдө 5 жолу Конституцияга өзгөртүү киргизилген. Акыркы жолу 2015-жылы референдум болгон.

Акыркы жолу киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде, президенттиктин мөөнөтү 5 жылдан жети жылга чейин деп көрсөтүлгөн. Андан сырткары, өлкө башчысы шайлоодо жеңип келген партиядан премьер-министрди да өзү шайлайт.

Ереванда оппозиячыл күчтөрдүн нараазычылык иш-чаралары болуп, президент Серж Саргсян экинчи мөөнөтүнөн кийин дагы бийликте калууну каалап жатат деп билдиришкен. Мыйзамга ылайык, мамлекетте бир адам президенттикке эки жолу шайлана алат. Бул референдум өткөрүүгө тоскоол болгон жок.

Серж Саргсян 2008-жылдан бери Арменияны башкарып келет.

Казакстан

Президент Нурсултан Назарбаев. Сүрөт: ic24.kz

Конституциядагы акыркы өзгөртүүлөр 2011-жылы болгон. Анын негизинде Нурсултан Назарбаев 2020-жылга чейин бийликте калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.  

Казакстандагы 2011-жылдагы өзгөртүүлөр да кезектеги президенттик шайлоого байланыштуу болгон. Конституцияга жаңы термин кирген «елбасы» — улут лидери

Оппозиция референдум өткөрүүдө көп каталарга жол берилди деген билдирүү менен президентке да кат жазышкан. Референдумга каршы жаштардын коомдук кыймылдары чыгышкан эле.

Конституцияга үч жолу өзгөртүү кирген: 1998, 2007 жана 2011-жылдары. 1998-жылы президенттин мөөнөтү узартылып, депутаттардын ыйгарым укуктары каралган. 2007-жылы парламенттик бийликтин таасири күчөтүлүп, премьер-министрди парламенттеги көпчүлүк дайындоого укук алган.

Казакстандын азыркы Конституциясы 1995-жылдын 30-августунда кабыл алынган.

Нурсултан Назарбаев 2015-жылдагы шашылыш өткөрүлгөн шайлоодо бешинчи жолу президент болуп шайланган. Ал көз карандысыз Казакстандын өлкө башчылыгына 1991-жылы келген, бирок 1989-жылдардан баштап эле башкарып баштаган.

Орусия

Президент Владимир Путин. Сүрөт: stved.ucoz

Акыркы жолу киргизилген 2014-жылдагы өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын бекемдеген. Учурда мамлекет башчысы прокурорлорду дайындап, сот бийлигин көзөмөлдөй алат.

Президент Дмитрий Медведев 2008-жылы президенттин башкаруу мөөнөтүн узартып, ыйгарым укуктарын кеңейткен. Бул өзгөртүүлөргө каршы «Яблоко» жана КПРФ партиялары чыгышкан. Алардын пикиринде, Президенттин жана Мамлекеттик Думанын башкаруу мөөнөтүнүн узартылышы бийликти менчиктештирүүгө алып келет.   

Орусияны Ельцин башкарып турган учурда Конституциянын бир гана 65 графасы — Россия Федерациясынын субъекттери жөнүндөгү мыйзам өзгөргөн. Мындай көрүнүш Владимир Путиндин учурунда да болгон. Анын ыйгарым укуктарын кеңейте турган өзгөртүүлөрдү ал өзү колдобой койгон.

Россия Федерациясынын Конституциясы 1993-жылы кабыл алынган.

Владимир Путин 2000-жылы Орусиянын президенти болуп шайланган. Бирок, 1999-жылы эле башкарууга киришкен. Ал президенттик кызматка 2004- жана 2012-жылдары кайрадан шайланып алынган. Кийинки президенттик шайлоо 2018-жылы болот.

Өзбекстан

Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев жана Сооронбай Жээнбеков

Акыркы жолу Конституцияга 2014-жылы өзгөртүү киргизилген. Анда министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары бекемделип, президенттик премьер-министрге өткөрүп берүү каралган. Коомдук жана жарандык көзөмөл жүргүзүү боюнча институт түзүлүп, аталган мекеме коомчуктагы кырдаалды көзөмөлдөп туруусу керек.

Өзбекстандын Коституциясы 1992-жылы кабыл алынган, ага өзгөртүүлөр: 2003, 2007, 2008, 2011 жана 2014-жылдары киргизилген. 2007-жылы президенттик мөөнөт жети жылга чейин узартылган, ал эми 2011-жылы беш жылга деп азайтылган. Бул эки өзгөртүү Ислам Каримовдун шайлануу мөөнөтүнүн бүткөндүгүн аныктаган — өзбек мыйзамына көрө бир адам эки эле жолу президент болуп шайлана алат.  

Каримов 1990-жылдан баштап, Өзбекстандын президенти болуп шайланган, ал эми 1989-жылдан тарта эле башкарууга киришкен. 2016-жылдын сентябрь айында каза тапкандан соң, президенттин милдетин премьер-министр Шавкат Мирзиёев аткарып келет. Жаңы президенттик шайлоолор үч айдын ичинде өткөрүлүшү керек.

Беларусь

Президент Александр Лукашенко. Сүрөт: regnum

Конституцияга акыркы өзгөртүүлөр 2004-жылы киргизилген — анда бир адам эки жолу гана президент болуп шайлана алат деген чектөө алынып салынган.

Акыркы өзгөртүүлөргө каршы оппозициячылар каршы чыгышып, ачкачылык жарыялашкан. Алар Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр киргизүүнү да талап кылышкан.

Ачкычылыктан соң, лидерлердин бирөөсүн сабап кетишкен, экинчисин камакка алышып, мамлекеттен чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Белорусияда көз карандысыздык жылдарында Конституциянын алты варианты иштеген — алардын ичинен биринчиси убактылуу болгон. Азыркы Конституция 1994-жылдын 15-мартында кабыл алынып, эки жылдан кийин толукталган. Анда президент бардык министрлерди, сотторду, башкы прокурорду жана Улуттук банктын жетекчилигин дайындап жана жумуштан алуу укугуна ээ болгон.

Президент Александр Лукашенко 1994-жылдан бери республиканы башкарып келет.

Кыргызстан

Президент Алмазбек Атамбаев

Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум күз айларында болушу ыктымал. Жаңы версиясында премьер-министр, парламентте депутат боло туруп, мандатын сактап кала алат. Мындай укукка анын биринчи орун басары да ээ боло алат.

Андан сырткары, башкы мыйзамдын жаңылана турган текстинде премьер-министр бир жылда эки жолу парламентке ишенбөөчүлүк вотум жолдой алат.

«Жогорку баалуулуктар» сыяктуу жана сотторду угуу тууралуу талаш маселелер кабыл алына турган текстке киргизилген эмес.  

Конституцияны өзгөртүүнү каалагандар бул бийликти узурпациялап алуудан коргойт деп ишендирүүдө.

Конституциядагы өзгөртүүлөргө карата сын-пикирлер жарандык коомдон да, оппозициядан да келип жатат. Алдыда турган референдумдун каршылаштары — экс-президент Роза Отунбаева жана Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү.

Конституциянын эң негизги кемчилиги болуп, улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу эсептелүүдө — мындай чечим бийликке сотту жана башка жарандарды саясий мотив менен куугунтуктоого жол берет.

Оппозиция болсо, өзгөртүүлөр премьер-министрдин ролун бекемдеп, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт деп айтууда.

Азыркы Конституция 2010-жылы кабыл алынып, анда президенттин ыйгарым укуктарын чектелген. Азыркы мыйзамга ылайык, президент 6 жылдык мөөнөткө бир жолу гана шайлана алат.

Баш мыйзам 8 жолу өзгөртүлгөн. Аскар Акаев учурунда — 1994, 1996, 1998, 2001 жана 2003-жылдары. Курманбек Бакиев башкарып турганда — 2006, 2007-жылдары. Убактылуу өкмөттүн тушунда — 2010-жылы.  

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланган. 2017-жылы президенттик шайлоо болот. Ага Атамбаев талапкерлигин койбостугун айтып келет.