Түндүк Каролинадагы баш аламандык. Эмнелер белгилүү?

Түндүк Каролинада баш аламандык башталды — анын себеби полиция тарабынан афроамерикалыктын өлтүрүлүүсү болду. Өлкө өкмөтү шаарда өзгөчө кырдаал режимин киргизип, ал жакка Улуттук гвардияны койду.

Шарлот шаарынын тургундары «полициянын чектен чыгуусуна» каршы нараазычылык акциясына чыгышкан. Буга шейшемби күнү полиция тарабынан кара терилүү Кейт Лаймонта Скоттанын өлтүрүлүшү себеп болду.

Нараазычылыктын жаткан акциясы. Сүрөт: Gerry Broome/Associated Press

Нараазычылык акциясынын жүрүшүндө, түрдүү расанын өкүлдөрү жаракат алышып, эки афроамерикалыктар өлтүрүлдү. Нараазычылык акциясына чыккандар, полиция «кара терилүү адамдарды оңойлук менен өлтүрүп» жатканына нараазычылыгын айтышууда.

Нараазычылыктын демонстрациясы. Сүрөт: Chuck Burton/Associated Press

Акциянын катышуучулары дүкөндөрдүн витриналарын сындырып, талап-тоноочулук кылышкан. Шарлоттогу ири компаниялар кызматкерлерин алардын коопсуздугу үчүн жумушка чыкпай турууну өтүнүшкөн.

Козголоңчулар. Сүрөт: Jeff Siner/The Charlotte Observer, via Associated Press

Мамлекеттин Улуттук гвардиясы 22-сентябрь күнү эрте менен келишти. Алардын негизги жумушу — жергиликтүү полицияга жардам берип, козголоңчуларды токтотуу. Шаардын мэри Женнифер Робертс шаарда өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Полиция козголоңчуларды жаш чыгаруучу газ менен токтотууда. Сүрөт: Gerry Broome/Associated Press

Козголоңдун жүрүшүндө, төрт полиция кызматкери жабыркады. Акцияны токтотууда полиция жаш чыгаруучу газ колдонууда.

Полиция кызматкерлери жана козголоңчулар. Сүрөт: Jeff Siner/The Charlotte Observer, via Associated Press

Нараазычылык акциясынын катышуучусу Глория Мериветер бир өлтүрүүнүн күбөсү болгонун айтат. Анын айтуусунда, козголоңчулар куралсыз болгон. Аларды жаш чыгаруучу газ менен ууландырып, полиция бир адамды башына атып өлтүргөн. Катышуучуларга өлгөн адамга жакындоого уруксат берилген эмес, алар анын канга боёлгон жансыз денесин гана карап турушканын айтышат.

Баш аламанда каза болгон катышуучу. Сүрөт: Logan Sairus \ The New York Times

Окуянын күбөсү Райан Жеймстин айтуусунда, жарандар да ок атышкан. Ал ок чыгарган адамды өз көзү менен көргөн.

Козголоңчу менен полициянын бетме-бет келиши. Сүрөт: Nicholas Kamm Agence France-Presse

Нараазычылык акциясында журналисттер да жабыркашкан. WCNC-TVнын репортёру ооруканага жеткирилген, ал эми CCNдин журналисти түз эфир жүрүп жаткан учурда жерге жыгылган.

Шарлот шаарындагы баш аламандык. Сүрөт: Sean Rayford

Кейт Лаймонт Скотт үйүнүн жанында, унаа токтотуучу жайда атып өлтүрүлгөн. Полициянын айтуусунда, ал куралчан чыккан. Курман болгон кишинин үй-бүлөсүнүн билдирүүсүндө, өлтүрүлгөн адамдын колунда курал эмес, китеп болгон.

Кейт Ламонта Скоттанын курман болгон жайы. Сүрөт: Brian Blanko

WCNC телеканалы өлтүрүлгөн адамдын жанында курал жатканын тастыктаган видео тасманы көрсөттү. Полициянын башчысы Керра Путнинин айтуусунда, өлтүрүү расалык маселеге тиешелүү эмес. Аны өлтүргөн полиция кызматкери да кара терилүү экенин айткан.

Нараазычылык акциясына студенттер да чыгышты. Сүрөт: Nicholas Kamm/Agence France-Presse — Getty Images

Кейт Лаймонт Скоттанын жубайы козголоңчуларды артка чегинүүгө чакырган.

Главное фото: www.theglobeandmail.com