Bellingcat гуманитардык жардам колоннасына орус күчтөрү сокку урганын далилдеди

Bellingcat эл аралык изилдөөчү тобу Алеппого бараткан гуманитардык колоннаны орус авиациясы жардырганын далилдеп берди. Буга чейин Орусия соккуга тиешеси жок экендигин айтып, муну «акылга келбеген провокация» деп атаган.  

ОФАБ-250-270 жарылуучу затынын калдыктары. Сүрөт: Bellingcat

Сириянын жарандык коргонуу кызматы колоннанын талкаланганын сүрөткө тартып алып, Bellingcat адистерине жиберишкен. Топтун мүчөлөрү сүрөттөн орус авиациясы колдонгон ОФАБ-250-270 жарылуучу затын тапкан.

Bellingcat Алеппого жетип келе албай калган гуманитардык жардам жүктөгөн колоннанын талкаланышы боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыктарын бейшемби күнү жарыялады.

Эл аралык топтун далилдөөсүндө, Орусия Кызыл Жарым Ай коомунун колоннасы кайсыл жерде баратканын билген, ошол үчүн артынан учак кууп келген.

Сүрөттөрдү анализдеп чыгып, Bellingcat жарылуунун издери жана жарылуучу заттардын калдыктары бар экенин тастыкташты. Андан сырткары, сириялык аскердик күчтөр колдонгон жабык идиштеги жарылуучу заттардын калдыктарын да табышкан.

Орусия колдонгон ОФАБ-250-270 жана сириялыктардын идиштеги жарылуучу заттары, ошондой эле, орусиялык учкучту эске алып, Bellingcat талкалоодо Орусиянын да, Сириянын да колу бар деп айтууда.

Буга чейин, Кызыл Жарым Ай коомунун колонналарынын талкалануусунда Орусияны айыптаганда, орус тарап бул айыптоону жөнү жок экенин айткан.

Ак үйдүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Бен Родс, Алеппого гуманитардык жүк алып бараткан колоннанын талкалануусунда Орусиянын колу бар экендигин айтканда, Сергей Лавров муну «акылга сыйбаган провокация» деп атап, кылдат изилдөө керектигин билдирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги алардын күнөөсү жок экендигин айткан.

Колонна 20-сентябрда талкаланган. Алеппого бараткан Кызыл Жарым Ай коомунун гуманитардык колоннасынын 30дан 18и жок кылынган. Ал эми Алепподо 275 миңдин тегерегиндеги адамдар азык-түлүксүз, суусуз жана дары-дармексиз калууда.

Буга чейин эле, гуманитардык жардам муктаж адамдарга жетпей келген. Жарашуу келишими бузулгандан соң, шаарга кайра авиасоккулар башталган.

Сириядагы жарашуу режими 17-сентябрь күнү, Башар Асад менен Ислам мамлекетинин куралдуу күчтөрү «адашып» Дейр-эз-Зордун аймагына учуп киргендеги эл аралык коалициядан соң бузулган.  

«Адам укуктарын коргоо боюнча Сириядагы мониторинг борбору» укук коргоочу уюму билдиргендей, коалициянын чабуулунан улам 80 миңдин тегерегиндеги адам курман болгон жана Орусия дагы бул аймакка ок чыгарганын кошумчалаган.  

Жарашуу режиминин бузулуусунда АКШ менен Орусия бири-бирин айыптаган. Мунун айынан эки тараптын расмийлери кайым айтышышкан.

Фото: Ammar Abdullah/Reuters