Күндүн GIF сүрөтү: Далай-Лама Дональд Трампты туурады

Тибеттин диний лидери британиялык каналдын эрте мененки эфиринде АКШнын президенттигине талапкерди туурап берди. Мунун алдынан, ал Тармптын өзгөчө чач жасалгасын жана «кичинекей оозун» эстеп калганын айтып өткөн.  

via GIPHY

Далай-Лама «Кутман таң Британия» көрсөтүүсүнө конокко келген эле. Ал алып баруучу Пирс Морган менен терроризм жана миграция маселелери жөнүндө баарлашкан.

Америкалык шайлоо алдындагы жарыштар тууралуу кеп козголуп, Морган Дональд Трамп тууралуу Далай-Ламанын оюн сураган. Далай-Лама аны эч качан жанынан көрбөгөнүн айтып, өзгөчө чач жасалгасы жана «кичинекей оозун» гана эстеп калганын айткан. Жадагалса, Трампты туурап да берген.