Kloob: «Кыргызстан International мырзасы-2016» алгачкы сулуулук сынагы кандай өттү?

«Кыргызстан International мырзасы-2016» сынагынын жеңүүчүсү Санжар Чунуев Италияда өтө турган эл аралык сынакта Кыргызстандын атынан чыгат. Эркектер арасындагы алгачкы сулуулук сынагы кандай өткөндүгүн, Kloob программасынан көрүңүздөр.

«Кыргызстан мырзасы-2016» сулуулук сынагы 19-сентябрь күнү Бишкектеги ресторандардын биринде өттү. Анда 16дан 23 жашка чейинки 13 жигит катышты.

«Бардык катышуучулар тандоодон өткөндөн кийин гана сынакка чыгарылды. Баары эске алынды: бой, жашы, эл алдында өзүн алып жүрүүсү, максат коюусу жана башкалар», — деди уюштуруучу Бердибек Алаков Kloop.kgге берген интервьюсунда.

Сынактын жеңүүчүсү 21 жаштагы Санжар Чунуев аталды. Ал Италияда өтүүчү эл аралык сынакта Кыргызстандын атынан чыгат. Ал сынакта жеңем деп өзүнө ишенгенин айтат.

Видео: Арсений Мамашев