Кыргызстандын тышкы иштер министри БУУда эмне деп сүйлөдү?

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун генералдык ассамблеясында сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстандын кемчиликтери жана жетишкендиктери тууралуу айтып, айрым маселелерде кызматташууну сунуштап, жадагалса, БУУнун алып барып жаткан ишин реформалоону да кеңеш берди.

Ассамблеянын жыйынында сүйлөп жатып, Эрлан Абдылдаев биометрикалык маалымат чогултуу менен өткөрүлгөн шайлоо демократиянын чыныгы жүзү катары кабыл алынганын айтып, уюмду алдыдагы президенттик шайлоодо кызматташууга чакырды. Жалпылап айтканда, министрдин сөзү көйгөй жана сунуштар менен чектелди.

Кадыржан Батыров

Абдылдаев БУУга ЕККУ тууралуу арызын айтты. Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынына катышууга укугу жок экендигин жана ал Кыргызстанда оор кылмыш жасагандыгы үчүн өмүр бою соттолгонун, андан сырткары, Орусияда алдамчылык боюнча издөөдө жүргөнүн кошумчалады.

«Кыргызстан ЕККУ менен кызматташууда көптөгөн ийгиликтерге жеткен. Бирок, ЕККУ өзүнүн саясаты менен чыр-чатакты козутуп жибериши ыктымал, бул болсо биздин өлкөдө туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн», — деди министр.  

Абдылдаев Кыргызстан ЕККУнун сунуштарынын баарын «кылдат» аткарып жаткандыгын айтты, ал эми Батыровду жыйынга чакыруусу — өлкөдөгү сот бийлигине жана Кыргызстан элине болгон урматсыздык катары баалады.  

ТИМнин башчысы, ЕККУнун кийинки жыйындарында Ислам мамлекети террордук уюмунун кылмышкерлери сөз сүйлөсө таң калбай тургандыгын кошумчалады.

Кошуналар менен мамиле

ТИМнин башчысы орто азиялык өлкөлөрдүн бири-бирине болгон ишеними алсыз деди. Ал аймактык коопсуздук, соода-сатык, транзит жана татаал чек ара маселелери тууралуу кенен айтып берди. Абдылдаев чек ара көйгөйүн тынчтык жолу менен гана чечүүгө чакырды.

Кошуналар тууралуу сөзүндө Кыргызстандын ресурстары тууралуу да айтылды. Абдылдаев көп жылдар бою Кыргызстан кошуна өлкөлөрдү суу менен камсыздап келатканын айтып, бирок кошуна мамлекеттер алар тараптан электроэнергия берүүдө өз билген саясатын жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Жыйынтыгында, Кыргызстан өзүнүн ГЭСтерин курууга мажбур болгон, бирок бул да электроэнергия көйгөйүн чече алган жок, азыр да өлкөдө электроэнергиянын жетишсиздиги бар экендигин айтты министр.

«Кыргызстан суу ресурстарын сактоо жана чогултуп берүү кызматы үчүн бардык аймактарга тең пайдалуу экономикалык компенсация албай жатат», — деди Абдылдаев.  

Ал бул маселени Орто Азия мамлекеттеринин суу жана энергетикалык ресурстарын үнөмдүү пайдалануусу менен чечсе болоорун айтты.

Экология

Министр глобалдык жылуулуктан улам, Кыргызстанда дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, мөңгүлөр ээрип жана тоо системаларынын деградациясы болуп жатканын айтты. Мунун баары азыркы экономикага зыян келтирет, жылдык чыгаша — 35 миллион АКШ долларын түзүүдө.  

Абдылдаевдин айтуусунда, Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануусу үчүн эл аралык колдоогон муктаж. Ал мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн максаттуу иш алып баруу керектигин белгиледи. 2025-жылга карата Кыргызстанда мөңгүлөрдүн жалпы аянты 35 пайызга кыскарып кетиши мүмкүн.

Глобалдуу жылуулук экономикага гана эмес, биологиялык ар түрдүүлүккө да коркунуч жаратат. ТИМнин башчысы Кыргызстанда илбирстин саны эки эсеге, 600дөн 300гө кыскарып кеткенин айтты.  

Абдылдаев Кыргызстандагы уран калдыктарын сактагычтардагы көйгөйлөр тууралуу да сүйлөдү. Анын пикиринде, уран калдыктарын сактоочу жайлардын масштабы максаттуу жана уюшкандыкта иш алып барууну талап кылат. Кыргызстан 2017-жылы радиация боюнча форум өткөрүүнү да сунуштады.

Сунуштар жана реформалар

Эрлан Абдылдаев БУУнун коопсуздук кеңешин жана уюмдун баш катчысын шайлоо системасына реформа жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Ал уюм менен кызматташып жаткан мамлекеттердин санына карай БУУнун коопсуздук кеңеш мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү керек деди.  

Министр БУУнун Генассамблеясында уюмдун Баш катчысын шайлоодо түз шайлоо системин киргизүүнү сунуштады.

Генассамблеяга бараткан учурда Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу баралбай калган, ордуна кыргыз делегациясын Эрлан Абдылдаев жетектеп барган. Стамбул аба майданынан президентти тез жардам алып кеткен. Президент үч күн Түркияда болуп, дарылануусун улантуу үчүн Москвага барган. Айрым серепчилер президенттин ооруп калуусу — бул саясий кадам экенин айтып чыгышкан.

Тема боюнча: Кадыржан Батыров Варшавада ЕККУнун жыйынында Кыргызстан бийлигин сындады