Сүрөт: Бишкектеги балет сезону «Ак куу көлү» менен ачылды

Элүүдөн ашык балет артисти Опера жана балет театрынын жаңы 74-сезонун Пётр Чайковскийдин «Ак куу көлү» балети менен ачышты.   

Сүрөтчү-коюучу Макен Сыдыкбаев сезондун ачылышында «Ак куу көлүн» (Лебединое озеро) койду. Анда 50нүн тегерегиндеги артист ойноду.

Балет сезонунун ачылышы Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында 24-25-сентябрь күндөрү болду. Ал театр оркестринин аккомпанементинин коштоосунда ойнолду жана оркестрди дирижёр Нурматбек Полотов башкарды.

Негизги бий партияларын төмөнкүлөр аткарышты: Одетта — Мадина Миңжылкиева, Зигфрид ханышасы — Марат Сыдыков, Каардуу гений — Атабек Садыркулов, Шут — Элес Арыков.

Бий жана музыканын кооз дүйнөсүнө жетелөөчү спектаклдар кийинки жылдын июнь айына чейин коюлат.

Пётр Чайковскийдин «Ак куу көлү» спектакли Кыргыз опера жана балет театрында 1965-жылы алгач ирет коюлган.

«Ак куу көлү» спектакли төрт акттан туруп, ханыша Зигфрид жана каардуу сыйкырчынын колунан ак кууга айланып калган Одеттанын сүйүүсү тууралуу баяндалат. Зифгрид өзүнүн күчүнө ишенип, Одеттаны сыйкырдын туткунунан бошотуп алат. Бирок, каармандардын тагдыры кайгы менен бүтөт. Одетта көз жумат, ал эми ханыша кыялдарынын көлүнүн жээгинде жалгыз калат.

Кезектеги «Ак куу көлү» спектакли Кыргыз опера жана балет театрында 30-сентябрда болот.

Сүрөт: Александра Ли, Александра Титова.