Антимонополия агенттиги: Казакстан интернет-трафик үчүн бааны көтөргөн эмес

Казакстан Кыргызстандын интернет-трафигине болгон бааны көтөргөн эмес, бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик билдирди.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Кеңешбай Тайлаков Kloop.kgге билдиргендей, Казакстандын провайдерлери Кыргызстанга берилүүчү интернет-трафик үчүн бааны кымбаттаткан эмес.

Анын айтуусунда, алар тараптан баалардын жогорулашы тууралуу маалымат гана берилген, бирок эч кандай аракеттер көрүлө элек.

«Бул сунуш, азыр болсо баары эски тариф менен эле иштеп жатат. […] Алар сунушташты, бул маселе эки тараптын операторлору тарабынан каралып жатат. Маселе эки тараптуу макулдашуу менен чечилиши керек», — деди ал.  

Тайлаков айткандай, Монополияга каршы мамлекеттик агенттик Кыргызстан ичинде интернет үчүн болгон абоненттик төлөмдүн эмнеге жогорулаганын текшерүүгө даяр.

«Мен аларда (кыргыз провайдерлери) төлөмдү кымбаттатууга кандай негиздери бар экенин айта албайм, эгер фактылар катталса, анда биз монополияга каршы саясаттын негизинде керектүү чараларды көрөбүз», — деди ал.  

Байланыш операторлор ассоциациясынын (БОА) аткаруучу директору Нурбек Абасканов Kloop.kgге курган маегинде, казакстандык провайдерлер бааны кымбаттатпагандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

«Баалардын кымбатташы боюнча билдирүү болгон. Эки оператор азырынча, баанын жогорулашы жөнүндө келишим түзө элек, бирок алар да кабарландырылган. Калган операторлор бааларды кымбаттаткан», — деди ал.  

Абаскановдун айтуусуна караганда, эки интернет-провайдер бааларды кымбаттаткан жок, себеби алар буга нараазы болушуп, сүйлөшүү жүргүзө баштаган, бирок эгер бааны жогорулатпаса, өчүрүп салуу тууралуу эскертилген.

Байланыш операторлорунун ассоциациясынын билдирмелеринде, казак провайдерлери Кыргызстандагы интернет-трафикке бааны кымбаттаткандыгынын себебин түшүндүрө элек. Алар чечими тууралуу түшүндүрмө берет же сентябрь айынын аягына чейин бааларды мурдагы калыбына келтирет.

«Жыйынтыгында, биз казак тарап менен сүйлөшкөндө, алар 10 күндүн ичинде, бааларды кайра карап чыгышат же кымбаттатуу боюнча экономикалык негиздеме бермей болушту. Бүгүнкү күндө, казак операторлору эч кандай чара көрө элек жана аракет да кылган эмес», — деди ал.  

Сүйлөшүү процесстери

Абасканов айткандай, 21-сентябрь күнү Астанада кыргыз монополияга каршы агенттиги, Казакстандын транзиттик операторлору жана Маалыматташтыруу жана маалымат байланыш комитети менен жолугушуу өткөргөн.

Анын айтуусунда, казак провайдерлери бааларды кымбаттатуу менен «артычылыктуу кырдаалды» колдонууда (Кыргызстанга интернет-трафик транзит менен Казакстан аркылуу келет).   

БОАнын башчысынын айтуусунда, монополияга каршы кызмат кырдаалды жөнгө салууда кийлигишүүгө укугу бар. «Биз түзүлгөн кырдаал боюнча билдирүү жөнөткөнбүз, алар изилдөөлөрдү да жүргүзгөн, алардын колунда бардык материалдар бар», — деди ал.  

Өз кезегинде, Тайлаков интернет-провайдерлер мамлекеттин кийлигишүүсүсүз эле маселени чечип алышы керектигин билдирди. «Бул атаандаштык базар, эч ким кийлигишкенге укугу жок, баары эки тараптуу келишимдин негизинде чечилиши зарыл», — деди ал.  

Евразиялык комиссия

Сентябрь айында мамлекеттик монополияны жөнгө салуучу кызмат байланыш базарындагы учурдагы кырдаалды жөндөөдө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн катты Евразиялык экономикалык комиссияга жөнөткөн.

Тайлаковдун айтуусунда, Евразиялык комиссиянын көмүскө бүтүм кабыл алынганда гана кийлигишүүгө укугу болот.

«Мен ЕАЭБдин Монополияны жөнгө салуу департаментинде болдум, ал жакта да интернеттин кымбатташы тууралуу маселени карап берүүлөрүн сурандым. Алар карап беришти. Азыр аталган рынок үйрөнүлүп жатат», — деди ал.  

Абасканов белгилегендей, Байланыш операторлор ассоциациясы транзиттик тарифтерди жөнгө салууда Евразиялык комиссиядан сырткары Орусиянын Федералдык монополияга каршы кызматына кайрылса болот.

Август айында казак интернет-провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет-трафиктин баасын 1 мбит/секундасы үчүн $10-20дан $30-40га чейин көтөрүүнү сунушташкан. Бул Кыргызстан интернетине дароо өз таасирин көрсөттү, айрым жергиликтүү провайдерлер бааларды кымбаттатып, интернеттин ылдамдыгын азайткан.  

Кыргызстанга келген интернет-трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу жеткирилет. Орус-казак чек арасында трафик бир мбит/секундасы 35 центтен сатылат, ал эми казак провайдерлери Кыргызстанга өз баасында сатат.