Кыргызстан Батыровдун айынан Бишкектеги ЕККУ борборунун статусун төмөндөтөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн кийин түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ЕККУнун статусун кайра карап чыгат. Бул тууралуу «Фергана» маалымат агенттиги жазып чыкты.  

«Фергана» жазгандай, 28-сентябрда Тышкы иштер министрлиги ЕККУга нараазычылык нотасын жолдогон. Анда 2017-жылдын 1-январынан тартып ЕККУнун Бишкектеги борборун ЕККУнун программалык кеңсесине айлантыруу тууралуу айтылган.

Бул үчүн Тышкы иштер министрлиги ЕККУну сындап, алардын жыйынында Кыргызстанда өмүр бою сыртынан соттолгон ишкер жана мурдагы депутат Кадыржан Батыровдун сөз сүйлөөсүн туура эмес деп белгилеген.

Маалыматты тастыктоо үчүн, «Фергана» ТИМдин катын да жарыялады. Анда «кызматташууну улантуу» үчүн «ЕККУнун статусун өзгөртүү» тууралуу жазылган.   

«Статусту өзгөртүү» эмнени билдирээри жөнүндө так маалымат жок, бирок «Фергана» «бул жакшылыкка алып келбейт» деп жазат. Басылма анонимдүү маалымат булагына таянып, ЕККУнун статусун Программалык кеңсеге чейин түшүргөн Казакстанды мисалга келтирет.    

«Астанада ЕККУнун бардык иш-чаралары ТИМ менен келишилген түрдө өткөрүлөт. Эми аталган уюмдун Бишкектеги кеңсеси да ТИМдин жардамысыз бир кадам таштай албай калабы», — деп жазат «Фергана».   

Андан сырткары, «Фергана» жазгандай, уюмдун статусун өзгөртүү тууралуу долбоорду жакын күндөрү кыргыз делегациясы ЕККУнун өкүлчүлүгү жайгашкан Венага жеткирет.

ЕККУ «нота жөнүндө билет»

ТИМдин басма сөз кызматы азырынча ЕККУнун статусун кайра карап чыгуу тууралуу маалымат бере элек. ТИМнин басма сөз кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева Kloop.kgге билдиргендей, башчылык тарабынан мындай билдирүү болгонун билбей тургандыгын айткан.

«Бизге бир канча журналисттер чалышты. Бирок, биз бул тууралуу эч кандай маалымат билбейбиз. Адистерден тактап жатабыз», — деди ал.  

Бишкектеги ЕККУ Борборунун басма сөз кызматынын башчысы Василина Бражко Kloop.kgге, алар ТИМдин нотасы тууралуу билээрин, бирок ал дарегине жете электигин айтты.

«Нараазычылык нотасы ЕККУнун Венадагы катчылыгына жиберилсе керек, бизге кат келип түшкөн жок. Бирок, биз азыр мандаттын негизинде иш алып баруудабыз, андан сырткары ЕККУнун эрежелеринин негизинде иштеп жатабыз», — деди ал.  

Батыровдун айынан болгон ызы-чуу

Кыргызстандын ТИМи жана ЕККУнун ортосунда болгон келишпестик 20-сентябрдан кийин башталган. Анда Жалал-Абаддагы өзбек коомунун лидери, ишкер, Кыргызстанда сыртынан өмүр бою соттолгон Кадыржан Батыров ЕККУнун Варшавада адам укуктары боюнча өткөн жыйында сөз сүйлөгөн.  

Сөз сүйлөп жатып, Батыров Кыргызстандын азыркы бийлигин, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккандар менен күрөшүүдө анын атын колдонуп жаткандыгы үчүн сындаган эле.

ТИМ Батыровдун жыйынга катышуусуна тыюу салууну талап кылып ЕККУга нараазычылык нотасын жиберген.

Кадыржан Батыров сөз сүйлөп жатканда, 23-сентябрда Кыргызстан президентинин аппаратынын башчысынын орун басары Мира Карыбаева залдан чыгып кеткен болчу.

Ал бул көрүнүштү жыйынга Батыровдун укук коргоочу катары катышуусуна жол берүүнү Кыргызстанга жана 2010-жылдагы курман болгондорго карата урматсыздык деп баалаган.

«Биз муну провокация катары баалап жатабыз. Биздин делегация кылмышкерлерге аянт түзүп берип жаткан уюмдун иш алып баруусуна кошкон салымыбыз тууралуу айтып берүүбүз керек. Эгер ага дагы сөз берсе, биз жыйындан чыгып кетебиз», — деп Карыбаева залдан чыгып кеткен.  

УКМК президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен 15-сентябрь күнү Кадыржан Батыровдун качып кетүүсүнө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн катышы бар-жоктугун иликтеп баштаган.

Бул Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан соң башталган.