Kloob: Бишкекте жаш балдардын сулуулук сынагы кандай өттү

«Кыргызстандын мини мисси» наамынын ээси АКШда өтчү эл аралык сулуулар сынагында Кыргызстандын атынан чыгат. Бишкекте өткөрүлгөн бул сынак кандай болгондугу тууралуу Kloob программасынан көрүңүздөр.

«Кыгызстандын мини мисси жана мистери» аталышындагы сынак 26-сентябрь күнү «Алтын ажыдаар» ресторанында болду. Сынакта 3 жаштан 13 жашка чейинки 19 кыз жана 5 бала катышты.

Сынактын шарты боюнча, жаш катышуучулардын беш баскычы бар: визиттик карточка, улуттук кийимдерде чыгуу, жалпы бий, таланттар сынагы жана саркеч жасанып чыгуу.

Сынактын 3 жаштан 5 жашка чейинки катышуучуларынын арасында Дилара Алмазбекова, 5тен 10 жашка чейинкилерден — Даяна Дүйшеева жана 10дон 13 жашка чейинкилер арасында — Эльза Сүйүналиева жеңүүчү аталышты.

Ал эми «Кыргызстандын мини мистери 2016» наамын 6 жаштагы Алихан Бакытбеков утуп алды.  

Сынактын жеңүүчүлөрү АКШда январь айында өтүүчү сулуулук сынагында Кыргызстандын атынан чыгышат.

«Бул сынакта биз катышуучулар арасында эч кандай тандоо өткөргөн жокпуз, бардык каалоочулар катышып жатышат. Иш-чара жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм», — деп Kloop.kgге сынактын уюштуруучусу Алтынай Жылдызбекова айтты.  

Видео: Арсений Мамашев