УКМКнын башчысынын экс-орун басары Сегизбаевди сындаганы үчүн «куугунтукталып» жаткандыгын айтты

УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов атайын кызматтын азыркы башчысы Абдил Сегизбаевди сындап чыкканы үчүн «саясий куугунтуктоолор» болуп жатканын айтып чыкты.

Иманкулов айткандай, Сегизбаевдин дарегине сын айтканы үчүн анын агасы Муратбек Иманкулов дагы атайын кызматтан кетирилген.

«Атайын кызматтын жетекчилиги, ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз буйруктарды кабыл алып жатат. Өзүнүн жумушун кынтыксыз аткарып жаткан адамдарды мыйзамсыз буйруктарды чыгаруу менен жумуштан кетирип жатат», — деди УКМК башчысынын мурдагы орун басары.  

Ал эми атайын кызмат болсо, подполковник Муратбек Иманкулов «келишимдин шарттарын аткарбагандыгы» үчүн жумуштан алынганын билдирди, бирок так маалымат берилген эмес.  

Иманкулов, УКМКны «дилетанттар башкарып» жатат деп айтты — анын сын кеби атайын кызматтын жетекчилигине дайындалганча, бул тармакта иштеп көрбөгөн Сегизбаевдин өзүнө даректелген эле.  

«Жетекчиликтегилер бул тармакта бир күн да иштеп көрбөгөн, азыр болсо ушундай оолуттуу мекемени башкарып отурушат», — деди ал.  

Сын кепке жооп катары УКМК «өлкөнүн атайын кызматынын атын булгап жалаа жаппагыла» деген маанидеги атайын кызматтын ардагерлеринин кайрылууларын жарыялады.

«Эгер сиз "биздин кемчиликтерибизди таап", УКМКнын атын булгайм деп жатсаңыз, анда адашасыз. Биз УКМКнын алдына коюлган негизги милдеттерибизди мыйзам ченемдүү аткарып келебиз. Ал эми сиз УКМКнын [башчысынын] биринчи орун басары болуп турганда, саясий пиар менен алектенгенсиз», — деп айтылат кайрылууда.  

УКМКнын ардагерлер Кеңеши «далилсиз ырастоолорсуз» объективдүү сынды кабыл алышаарын да кошумчалашкан.  

«Сиздин жок жерден каралооңузга далилиңиз жок. Эгер болсо көрсөтүңүз. Андан сырткары, сиз УКМКнын башчысынын орун басары болуп бир жыл иштегенсиз, мындан улам сиз бардык айыптоолор далилдин гана негизинде болушу керектигин билишиңиз керек», — деди Ардагерлер кеңеши.

УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов «Таза Кыргызстан» саясий партиясынын лидери. Партиянын курамында күч структураларынын жана атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери бар. Ал УКМКнын башчысынын орун басары болуп 2010-жылдын 28-декабрынан 2011-жылдын августуна чейин иштеген.